Биз менен байланышыңыз

30 жыл мурун 7-декабрь: СССРди ыйлаткан Спитак жер титирөөсү

Бүгүн Арменияда мындан 30 жыл мурун дал ушул күнү катталган каргашалуу кырсыктын курмандыктарын эскеришүүдө. Анда окуянын күбөлөрү үрөй учурган абалды, анда жашалган оор учурларды айтып беришүүдө.

1988-жылдын 7-декабрында Армения ССРинин Спитак аймагында күчү 10 баллга жеткен жер титирөө катталган. Эпицентри өлкөнүн түндүгүндө болгону менен ал Американын, Европанын, Австралиянын жана Азия өлкөлөрүнүн илимий лабораторияларында байкалган. Кырсыктан Армениянын түндүк бөлүгү дээрлик толук бойдон талкаланган. Өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүгүнүн 40%ы жок болуп, ири АЭС ишин токтоткон. Каргашада набыт болгондордун саны расмий маалыматтарда 25 миң деп берилгени менен кээ бир булактар андан көп санды айтышат. 140 миң киши майып болуп, 500миңден ашуун адам кан жоготуудан жабыркашкан.

Мындай күтүүсүз табият кырсыгына такыр даярдыгы жок кубаттуу СССРди бул окуя кыйла шалдыратып, дүйнө коомчулугунун жардамы менен акыбалдан чыккан. Ушундан кийин гана Советтер Союзу өзгөчө кырдаалдар кызматын түзүп, 1991-жылы бул өлкөлөрдө Өзгөчө кырдаалдар министрликтери ачылган.

 

Copyright © 2017 Maral FM