Алар жумуш үчүн өлүмгө да даяр экен (Япония кыргыздын көзү менен)
Уландысы…
Кыргыз кечикпей коймок беле же “Аригато гозаимас”
Технология тууралуу сөз бүтпөйт. Колдонгон тиричилик буюмдары, автоунаалар аркылуу Япониянын бул жаатта өнүккөндүгүнөн илгертен кабардарбыз. Бирок бизди эң көп таң калтырганы – япондордун кичи пейилдиги, сыпаайылыгы, жөнөкөйлүгү. Ушундай жөнөкөй калк дейсиң, кээ бир жактарынан кыргыздын жаңы келген келининен да өтөт. Кардардын алдында сатуучу же кызмат көрсөткөн тарап көзүңдүн карасы менен чогуу айланат. Бизнестеги “Кардар – бул Кудай” деген түшүнүктү ушулардан көрдүм. Катарыбыздагы жашы 60ка чукулдап калган байке башында бирин калтырбай, “Келин боло турган кыз экенсиң” деп аткан. Биз үчүн жат көрүнүштөрүнө бара-бара таң калбай деле калдык.
Акыркы күнү тамагынан тажап, кыдырып жүрүп түрк кафесин таап алдык. Эчкибиз эгиз туугандай кубанычыбызда чек жок. Тамагы даамдуу болгону менен ал жердеги тууганбыздын кызмат көрсөтүүсү япон ким да, бөтөн эл ким экендигин көрсөттү. Негизи түрк тилдүү элдердин арасында түрктөр соодада эч кимди алдыга салбайт эмеспи. Кызмат көрсөтүүсү менен кыргыз менен казак суктанган өзбектерди да артта калтырат. Салыштыруу иретинде 3 чоң катаны байкадым: Биринчиси, бизди сүрөткө тартып коюусун суранганда орой түрдө макул болбой койду. А япондордо андай эмес. Канчалык иши көп болбосун, сүрөткө тартмак мында турсун жарым саат тамак тандаганча күтө берет;
Экинчи ирет болсо, 2-жолу чай сураганыбызда жинденип, эшигин жаап чыгып кеткени болду. Сүйлөнүп-тилденгенин башкаларга которгон жокмун, кантсе да тууганбыз го. А япондор бардык жерде чай-суунун баарын автоматташтырып, өзүн-өзү тейлөөгө ыңгайлаштырып койгон;
Үчүнчүсү, эсепти оозеки айтып, кагаз жүзүндө сураган бизди ишенбөөчүлүккө айыптагандыгы болду. Биз тактагыбыз келди, чынында туура айтыптыр. Бирок японго аралаш жашагандан кийин ушул нерсени да автоматташтырып койбогону бизге өөн учурады. Албетте аягында бул да оройлугу үчүн кечирим сурады, жакындан тааныштык. Түрк ишкерге жолукканыбыздын биз үчүн пайдасы, тейлөөнүн сапатын жеринен салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөнү болду.
Адамдык асыл сапаттар ошолордо экен
Уурулук жок. Капчыгым менен кол телефонумду столго коюп, кафени жети кыдырган учурум көп болду. Миңдеген адам өткөн метрого чыкчу кесилиш жолдорго кол баштыгымды таштап, жайбаракат базарлык кылган учурум болду. Бирөөнүн буюму менен элдин иши жок. А биздечи? Кечээ эле 1-курста окуган бала кыял карындашым маршруткада уюлдук телефонун уурдатканын билдим. Кантсе да өлкөбүз өнүксө экен деген жаран катары, үзүлбөгөн үмүт менен ийнине жылдыз конгон мелисага арыз жазып койдук.
Камкордугу менен бири-бирине болгон ишеними ислам тарыхындагы таза сезимдер менен жашаган алгачкы мусулман коомундай. Балким туура эмес салыштыргандырмын, бирок мен китептен окугандарымдын көпчүлүгүн ошол элден көрдүм. “Батыштан исламды, чыгыштан мусулмандарды көрдүм” деп кейиген ислам аалымынын айтканына да акылым эми жетти. Көчөдө адашып калсаң, жардам бергенге шашат. Сага каршы келатканы да кала берсе багытын өзгөртүп, белгилүү бир жерге чейин жетелеп жол көрсөткөнгө даяр. Ошондо да башын ийип, “Аригато гозаимас” деп койгону оозуңду Ошту каратат. “Аригато гозаимас” – түз мааниде “чоң рахмат” деп которулганы менен кичи пейилдикти, ыраазычылыкты туюндурган сөз экен. Кечирим сурап, ыраазычылык билдиргенден тажабаган калк экен. Эң көп уккан сөзүм да ушул болду. Карап көрсөм, мындан башка бир да сөз жаттабаптырмын.
40 кабаттуу имараттын бир кабатында уй, бөлөк бир кабатында тоок багып, дагы бир бөлүгүндө шалы эккен чоң ишканага бармакпыз. Үйрөнгөн адат калмак беле, белгиленген убакытка чогула албай топтун жарымын жоготуп алдык. Натыйжада бешөөбүз табышып, ишкананы таап негизги топко кошулганча 1 саат 45 мүнөт өтүп кетти. А ишканага боло турган экскурсияны убакты 2 саат. Жарым сааттан ашык убакыт кабылдамада турган кызматкерлерге ким экенибизди түшүндүрүү менен өттү. Калктын басымдуу бөлүгүнүн англисче билбегени да жолубузду арбытты. Бул биз үчүн кемчилик катары көрүнгөнү менен, өз тилине болгон сый мамиле жогору экенин баамдадым. Кечигип болсо тойго баргандай кирип бардык. Бирок бизди таң калтырганы, утурлай тосуп алган жөнөкөй кызматкери да, жетекчисинин да “Аригато гозаимас” дегени болду. Кечиккендер үчүн атайын экскурсия уюштурмай болушту, намысыбыз жол бербеди. Эгер мага жумуш боюнча саат 10до келе турган киши 1 саат кечиге турган болсо, түз эле төрт тарабың кыбыла демекмин… деймин дагы. Жөнөкөй жана түшүнүктүүлүгү менен япондор бөтөн элди алдына чыгарбас көрүндү.
Элдин бири-бирине ишеними жогору. “Тыюу салынат же колдонбо” деген өңдүү эскертүү берилген жерлерде шарттар кынтыксыз аткарылат. Аны аткарбай койсоң, “кантип эле ушундай болсун” деп акылдуу деген япондордун башы жетпейт калат тура. Көчөдөгү суусундуктар тизилген муздаткычтар кулпу, камерасы жок эле турат. Жазылган баасына жараша акчаны таштап кете беришет. Төлөбөй коюп, уурдап кеткен учур жок. Балким бар чыгар, бирок мен көргөн да, уккан да жокмун.
Көчөдө кутуча таппаса, таштандысын үйүнө көтөрүп кетишет
Коопсуздугу боюнча Токио дүйнөнүн алдыңкы шаарларына кирет. Милиция кызматкерлери жаан жааганда гана шашкан элге кол чатыр узатып же жол көрсөткөнү чыкпаса, башка учурда дээрлик көрүнбөйт. Шаар таптаза, айлана да, абасы да. Таштанды мында калып, деги эле таштанды кутучасы көзгө илинбейт. Элдин баары жеген-ичкен нерселердин калыдыктарын, таштандыларды чоң соода борборунда жайгашкан таштанды кутуларына же болбосо үйлөрүнө көтөрө кетишет. Чөйрөгө жараша биз да көндүк. Түкүрүгүбүздү жута берип суусунубузду кандырганыбыз айтпаса да белгилүү. Коомдук жайларда, көчөлөрдө тамеки тартууга болбойт, ал үчүн атайын жерлер каралган. Калктын саламаттыгы ушундай даражада камкордукка алынаган. Санап отурсак, айтканыбыздан айтпаганыбыз көп. Ошол эле учурда, кыска аралыкта азын көрүп, көбүн көрбөй калдык. Бирок ушунусу да сабак алып, туура багыт алуубузга жетиштүү деп ойлойм.
Кыргызстан үчүн ала турган көптөгөн пайдалуу жактары бар. Бирок мени таң калтырганы жана кейиштүүсү – дүйнөнү түрө кыдырган бийлик төбөлдөрүнүн ушундай өлкөлөрдөн сабак албай, касиеттүү мекенибизди таштандыга айлантканы болду. Буга башым жетпей койду. Түрдүү себептери бар. Бирок мен тыянак чыгарган жалгыз жооп – бийлик төбөлдөрүнүн жан дүйнөсүнүн сокурдугу. Көз көрүп, кулак угуп турганы менен жан дүйнөдөгү ар-намыс, сүйүү, камкордук сезимдер өлүп калса, бардыгы жокко чыгат тура. Чейрек кылымдык тарыхта Кыргызстанды адам тааныгыс кылып салганга толук мүмкүнчүлүк болгон. Кен-байлык да, адамдык ресурс да толук жетиштүү болгон. Тилекке каршы, дагы эле багытыбызды аныктай албай турабыз.
Үмүтүбүз жаштарда… Андыктан бардык келечекке кайдыгер карабаган жаштарды татыктуу жана жугумдуу билим алууга, аны эл үчүн жумшоого чакырам. Башка жол жок. Мекенди сүйүү, ага кам көрүү, калкка чын дилден ак кызмат кылуу… өлкөнүн өнүгүүсүндөгү ийгиликтин жөнөкөй формуласы ушул тура.
P.S.: Японияда борбордук жылуулук системасы жок экен, ар ким өз үйүн өзү жылытат. Кыскасы, шаар калкы #БезТЭЦ эле жашайт экен.
Аззамбек Жээнбай уулу
1 пикир