Биз менен байланышыңыз

Алар жумуш үчүн өлүмгө да даяр экен (Япония кыргыздын көзү менен)

Блог | 6 Дек 2018 | 2404 | 1

Өткөн айдын башында ишкерлерден турган жумушчу топ менен Японияда болдук. Алдын ала баары пландаштырылгандыктан, 8 күндүк бизнес саякат учурунда бир да бош убакыт болбоду.

Япония дегенде көпчүлүк сыяктуу мен да өнүккөн технология, акылдуу техникалар, автоматташкан, роботтошкон өлкө деп билчүмүн. Бирок 2 жыл мурда кыргыз жаштарын агартууда жаңы жүз боло алган Нуржигит Кадырбековдун калемине таандык “Япон кереметинин сырлары” китебин окуган соң, бул оюм бир аз өзгөргөн. Анткени китеп көбүнесе Япониянын экономикалык өсүүсүнө эмес элдин адамгерчилигин баяндоого ыкталгандыктан, бул элди башка өңүттөн таанууга түрткү берди. Аны окуган баары бул өлкөнү жакындан таанууга кызыкса керек деп ойлойм. Бирок бир чындыкты айтпасам болбос. Китепти окуп, көп нерсеге ишенген эмесмин, мен үчүн жомоктой сезилген. Автор бир аз ашырып жиберсе керек дегем. Жакында эле жолубуз бир болуп калып, бул тууралуу Нуржигит агайдын өзүнө да айттым. Тек гана жылмайып, “Азыр өзгөрүп кетпептирби? Мен жазганда 10 жыл мурда болчу, андан бери башка эл менен аралашып бир топ өзгөрүп кетсе керек”, — деп калды. Ооба, бул элдин пейилин глобализациянын агымы менен барып калган бөтөн эл бузбаса, эгерим өзгөрбөй тургандай кулк-мүнөзгө ээ калк экен. Кантсе да, “Япон кереметинин сырлары” аталган өлкөнү көрбөгөн адам үчүн баарын элестүү, жандуу сүрөттөп, ийни-жибине жеткире жазылган эмгек экенине дагы бир ирет ынандым.

Тырнактай жер

Жер шары адамдын денеси болсо, Япония андагы тырмактай. Өлкө жүздөгөн майда аралдардан куралганы менен, жалпы жер аянты “бир боорубуз” Россиянын 2 пайызын гана түзөт экен. Калкы болсо, дүйнөлүк картанын дээрлик жарымын ээлеген Орусиянын калкына жеткидей, 127 млн.

Өлкөдө энергетикалык ресурстардын жетишсиздиги жана толугу менен импорттук көз каранды болгонуна карабастан, дүйнөдө электроника, робототехника, автомобиль жана кеме куруу менен алдыңкы орунду ээлейт. Таң калтырганы, тырмактай жери менен дүйнөгө айыл-чарба тармагында лекция окуйт экен. Тоолору токойлуу, биздегидей жылаңач тоолор жокко эсе. Бош турган жерге гүл тиккенге уста калк тура. Үйдүн ичи да, тамбашысы да, балкону да, кеңсе менен кафеси, көчөсү да гүлгө толо. Союз учурундагы жашыл шаар Бишкекти элестете албай, көрүүгө ашык болдум.

Бир мисал: Өлкөдө Икеда шаары вино өндүрүү боюнча таанымал. 1969-жылы жүзүм өстүрүүнү жайылтуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан атайын коом түзүлүп, изилдөө жүргүзө баштайт. Бийлик төбөлдөрү шаардын экономикасын көтөрүүдө мындан башка кыска жана оңой жол көрө алган эмес. Бул жерде өскөн жапайы жүзүмдөн жакшы сорт иштеп чыгуу үчүн 1975-жылы эксперимент баштап, 1995-жылга чейин уланган. 20 жылдын ичинде 13053 жолу эксперимент жасап, жыйынтыгында жаңы сорт чыгарган. Шаардын негизги киреше булагын дал ушул тармак түзөт. Икеда салыштырмалуу суук, климаты катаал жер болгонуна карабастан, элдин жана жергиликтүү бийликтин мээнеткечтиги акыр-аягы ийгиликти жылмайткан.

Ийгиликке жетүү үчүн көп жылдык мээнет талап кылынат. Бул бир эле шаардын жана бир продукттун мисалы. Япониянын ийгилигинин сыры ушунда.

Агымга каршы сүзгөн эл

Япония – адамзат тарыхында өзөктүк бомба колдонулган дүйнөдөгү жалгыз өлкө. Америка тарабынан урулган бул сокку 200 000ден ашуун адамдын өмүрүн алган. Хиросима жана Нагасаки шаарларында темир-тезектен башка эч нерсе калган эмес. Андан сырткары, миңдеген аралдардан куралган бул өлкө табигый кырсыктар менен да бат-бат сыналып турат. Күн сайын жердин титиреп туруусу, мезгил-мезгили менен тынч жатпаган океандан согуп турган тайфундар, ондогон кыймылдагы вулкандар… табиятынан өжөр келген япон элинин күчтүү жана чыдамкай жетилүүсүнө түрткү берсе керек.

Ушундай оор шарттарга карабастан, бүгүнкү күндө Күн чыгыш өлкөсү экономикасынын өнүгүүсү боюнча дүйнөдө АКШ жана Кытайдан кийинки 3-орунда турат. Өлкөнүн экономикалык өсүүсүнө көз чаптырсак, бул элде өзгөдө жок ички күч бар экенин байкоого болот. Буга төмөндөгү 4 жөнөкөй мисал далил болуп берет.

Эрке Кыргызстан. Япония 1945-жылы болуп көрбөгөндөй кыйроого учураган. Бирок 19 жылдан кийин, тагыраак айтканда, 1964-жылы Жайкы олимпиада оюндарын өткөрүүгө жетишкен. Жөнөкөй логика менен карап көрөлү. Эгерде олимпиада оюндары өткөрүлө турган өлкө 2 оюн мурда белгиленсе, анда Япония согуштан кийинки 10 жыл аралыгында дүйнөлүк чоң масштабдагы мааракени өткөрүүгө толук ишеним топтой алган. Бул болуп көрбөгөндөй ылдамдык! Эгерде муну эч кандай согуш-кыйроосуз эгемендүүлүккө жеткен 27 жаштагы эрке Кыргызстаныбыз менен салыштырып көрсөк, анда бул биз үчүн жомок…

Кыйынчылыктан мүмкүнчүлүк көрө билген эл.

Адатта согуштан кийин бардык эле өлкө учу-кыйыры бүтпөгөн каатчылыкка учурап, элди ачкачылык, жакырчылык, көбүнесе алсыздык жана үмүтсүздүк каптайт эмеспи. А бирок япон элин согуштагы жеңилүү ызасы  тескерисинче дагы да бириктирип, күчтөнүүгө түрткү берген. Ошондой кыйынчылык учурга туш болуп турса да, карапайым эл мамлекеттин бүтүндүгүн кара курсактан жогору койгон. Мээнеткеч, эмгекчил жана намыскөй япондор согуштан кийинки 23 жыл ичинде Японияны дүйнөдөгү экономикасы зор АКШдан кийинки экинчи өлкөгө айландырган. Ал гана эмес, өткөн доордун 80-жылдарында технологиялык өнүгүү боюнча АКШны да басып өткөн. Мындай күч бардык элде боло бербес…

Синкансен (Shinkansen) – максималдуу 320 км/саат ылдамдыкты кармаган дүйнөдөгү эң ылдам жүрүүчү поезд. Токио шаарынан 400 км чамасындагы аралыкта жайгашкан тойотанын мекени Нагоя шаарына 2 саатта бардык. Бул Бишкек менен Жалал-Абаддын аралыгы. Сырткы көрүнүшү да, ички көрүнүшү да кадимки учактай. Зымырап жүргөндө, учактын жерде сызып баратканы көз алдыма тартылды. Кызыгы, бир гана ушул коомдук транспортто тамак жегенге уруксат берилиптир. Салыштыра келсек, бул поездди согушту башынан өткөргөн япондор 1971-жылы колдонууга чыгарган. Ал аз келгенсип, дүйнө элинен ат чабым алдыда жүргөн япондор муну менен гана токтолбостон, 2015-жылы ылдамдыгы саатына 603 км түзгөн магнит үстүндө жүрүүчү поездди тесттик колдонууга чыгарган. Бул деген 610 км аралыкты түзгөн Бишкек – Ош жолун 1 саатта басып өтүү дегенди түшүндүрөт. Тилекке каршы, Кыргызстан шартында ушул эле аралыкка такси менен 12 саатта, учак менен 45 мүнөттө жетүүгө болот. Бирок бир доордо жашап, Жараткандан бирдей мүмкүнчүлүк берилген. Айласыздан BBC кыргыз кызматынын журналисти Акчолпон Койчуеванын “Кызык, мынчалык ылдам жүрүүчү поезд менен япондор кайда шашып жатат болду экен…” дегенин эстедим. Замандан ашканы ушул чыгар.

Акылдуу даараткана (Washlet). Бул туурасында көп нерсе жазгым келет. Бирок чоркок тилимдин муну сүрөттөп жазууга чамасы жетпейт. Кыскасы, Чычкан-Сайдын көз ачыштырган туалеттериндей эле өзүнчө бир чоң тема. Бир сөз менен айтканда, акылдуу унитаздарды өндүргөн TOTO компаниясы күнүнө 5 маал намаз окуган мусулмандар үчүн бардык шарттарды түзүптүр. Ислам аалымдары айта берип тилдери тешилгени калды окшойт, бирок мусулмандар бул жаатта уктап жатканы чындык тура.

Дени сак улут – күчтүү өлкө.

Бул сөз япондор үчүн айтылыптыр. Токио шаарындагы 13 млн калктын баары коомдук транспорт колдонгондой. Көчөлөр жөө баскан жык-жыйма элге толо. Күндүн бир бөлүгүндө чуркоону, көпчүлүгү үй-бүлөсү менен, чогуу иштеген кесиптештери менен чуркоону, машыгуу залдарга барууну адатка айлантышкан. Жумуш учурунда берилген чак түштөгү тыныгууда да чуркай берген кызык эл экен. Жалпы эле спорт өтө популярдуу. Балдар сөзсүз түрдө спорттун бир түрү менен машыгат. Ал жакта япондордон кем калышпай, кала берсе арасында бат-баттан өтүп турган 10, 30 км аралыктагы марафондорду калтырбай чуркаган кыргыз мекендештерибиз бар экенин билдик. Канчалык спорт менен машыгып, көп иштебесин, япондор көбүнчө сууга бышырылган калориясы аз азыктар менен тамактанышат. Мындай шартта, 120 жашка чейин жашаган япондор эмес бир отурганда бир койдун этин аш кылган кыргыз көп жашамак беле. Эл карып калган, орточо өлүм жашы 80ди ашат. А бизде 65 жашты түзөт. Көп жашап, чың ден-соолукта болгубуз келсе, биз да спортту жашообуздун бир бөлүгүнө айлантуубуз керек. А тамактан го тыйган туура эмес…

Karoshi” же сүйүүсүн жумушка арнаган япондор

Karoshi – жумуш убагында өлүү. Бул термин жалгыз ушул жумушка ашык болгон япондордо кездешет. Жетекчилик тарабынан берилген тапшырманы орундатуу үчүн уйкуну чануу, жумуш убактысынан кийинки учурда ишканада болуу алар үчүн кадимки көрүнүш тура. Ишти аягына чыгаруу үчүн дем алыш күндөрү да жумушка чыгышат. Кандай болбосун, берилген жумуш аягына чыгыш керек. Жашоосунун 40-50 жылын бир ишканада эмгектенип өткөргөндөр ондун бирин түзөт. Эл ушунчалык көп эмгектенгендиктен, жумуш кезинде өлүп калгандар көп катталат. А балким, өлкөнүн дүркүрөгөн экономикасы дал ушул мекен үчүн жумуш учурунда жан таслим болгондордун эмгегинин үзүрү чыгар. Бул көрүнүштү баарынан мурда өз ишин сүйүү, жогорку жоопкерчилик катары бааладым.

(Уландысы бар)

Аззамбек Жээнбай уулу

Адамдык асыл сапаттар япондордо тура (Япония кыргыздын көзү менен-2)

Copyright © 2017 Maral FM