Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Мамлекеттик той-аштар азаят

Кыска кабар , Пикирлер | 5 Дек 2018 | 1022 | 0

25 жылдан бери мамлекеттик казынанын кирешеси канчалык көтөрүлсө чыгаша да 2 эсе өсүп келген. Быйыл бул тенденция токтотулду. Киреше менен чыгашанын денгээли бирдей суммада көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда бюджеттин кирешеси 10 млрд сомго көтөрүлсө чыгаша да 20 млрд сомдү түзчү.

2019-жылы мамлекеттик той, аштар боюнча чечкиндүү кадамдар болот. Өкмөттүн эсебинен кыргыз элине эмгеги сиңген кишилердин гана даталары белгиленет. Анткени мындай иш-чараларга көп каражат кетет. Мисалы 161 млрд сом сарпталса да 30 млн сомдун тегерегинде каражат кеткени айтылат.

«Бирок ар бир боз үйгө 3-5 миң сомдой акча чогултулат. Анын тең жарымын ишкерлер берсе калганын бюджетниктер берет. Ошондуктан губернатор «мен баланча боз үй тиктим» деп мактанганда эле чөнтөгүнө 20-50 миң долларга чейин каражат салып койгонун билишибиз керек. Буга кошумча 50 миң долларга элди кыйнайт. Биз ушул маселелерди токтотолу деп жатабыз. Боз үй тигип мактанбай, китеп жазып, кино тарталы», — дейт Жапаров.

Эл өкүлү кошумчалагандай, учурда бюджет иреттелип эффективдүү колдонулбаган каражаттар көрүнүп калган. Бюджет кодекси менен чыгаша жагы иретке келтирилген. Мындан ары жарандар 1 тыйынга чейин тактап, мыйзамдуулугун карай алат. Каражаттардын эффективдүүлүгүн аныктаган механизмдер киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM