Биз менен байланышыңыз

Ааламдын залкары — Айтматов

Билим-маданият | 12 Дек 2018 | 1635 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу иш-чарага анын жакындары, акын-жазуучулар, маданияттын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, депутаттар жана өкмөттүн өкүлдөрү катышты. Айтматов менен жашоосунда бир саамга болсо да баарлашып, жок дегенде сүйлөшүп, пикир алыша алганына бактылуу болгонун ал менен чогу иштешип калгандар белгилешти.

Залкар жазуучу, гуманист, дүйнө элинин сыймыгы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси салтанаттуу түрдө белгиленди. Ага арналган кечеде анын ар бир чыгармасы сахналаштырылып, ар бир чыгармага арналып ырлар жазылып, өзгөчө белгиленди. Улуу жазуучунун эмгеги түбөлүк элдин эсинде калат деген ар бир келген конок Айтматов боюнча ой-толгоолору менен бөлүшүштү.

Маалым болгондой, Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары бир гана китептерде эмес, көгүлтүр экранда фильм болуп дагы жарык көргөн. Залкар жазуучунун чыгармалары даяр сценарий эле деп сыпаттаган кинооператор Манас Мусаев залкар жазуучу менен иштөө өзүнчө ырахат болгонун айтты. “Ак-Кеме”, “Жамийла” деген чыгармаларынын негизинде көркөм тасманы тарткан кинооператор Айтматовдун адамдык сапаттарын баалайт.

-Айтматов өзгөчө инсан болчу. Биз кинемотографтардын союзунда иштеп калганда көп кишиге чуркап жүрүп үй алып берген. Сүйлөшө келсең, бир башкача инсан эле. Аны менен баарлашкандан кийин кадимкидей шык алчубуз. Өзгөчө жан эле.

Айтматов кыргыз образын чыгармалары аркылуу дүйнөлүк окурмандарга жеткирген. Анын чыгармаларынын көпчүлүгүндө өзү туулуп өскөн Шекер айылындагы элдин жашоосу, турмушу чагылдырылат. Айылдашы, замандашы Илешбек Казиев жердешин сыймыктануу менен эскерет.

Бүт Шекер айылында болгон окуялар да. Өзүнүн башынан өткөн окуялар. Мисалы, “Эрте келген турналарда” өзү көргөн кыйынчылык, оорчулукту баяндайт. Ошол чыгармада айтылгандай эле ачарчылык болуп, эл кыйналган. Баары жашоодон алынган.

Айтматовдун чыгармалары бир канча тилге которулуп, дүйнө эли тааныйт. «Чыгармаларынын терең мазмунунда да дүйнө элин ынтымакка чакырган жазуучуну ар бир окуган киши, ар бир улуттун өкүлү “меники” деп билет»,-дейт философия илимдеринин доктору Жамгырбек Бокошев.

Бизди сыймыктандырганы — башка элдердин, калктын өкүлдөрү, алар дагы биздин жазуучу деп кабыл алганы. Айтматов чыгармаларында ар бир окурманды ойго салып, ар бир адам окуганда өзгөчө кабыл ала тургандай кылып көркөмдөп жазган.

Белгилей кетсек, Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чарага анын жакындары, акын-жазуучулар, маданияттын өкүлдөрү, чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери, депутаттар жана өкмөт өкүлдөрү катышты. концерттик программа анын чыгармаларынын негизинде атайын сахналаштырылган.

Маалыматка ылайык, ал үчүн атайын обондуу ырлар жазылды.

Copyright © 2017 Maral FM