Бишкек шаарында 11-февралга караган түнү активисттер насыя алып той өткөрүүгө каршы акция өткөрүштү. Анда шаардын ар кайсы жерине, өзгөчө банктардын кире беришине «Тойго насыя алба!» деп жазып кетишти.

Уюштуруучулардын айтымында, алар банктардын ишмердүүлүгүнө каршы эмес. Банкка келгендер билдирүүнү көрсүн деген максатта жасалды. Азыр адамдар ишкерлик үчүн эмес, ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө насыя алып жатканы тынчсыздандырат. Анан карызга батып, насыяны төлөш үчүн чет өлкөдө иштеп жүрүшөт.

Активисттер алардын үлпөт тойго, көз жумгандарды узатуу үчүн насыя алган ага-эжелери беш жылдан ашуун убактан бери карызын төлөй албай жатканын билдиришкен.

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарымында алардын саны 220 481 адамга жеткен.

Буга чейин Улуттук статистика комитети кыргызстандыктар той-аш өткөрүш үчүн жыл сайын 2 млрд. доллардан ашык акча жумшай турганын билдирген.