Биз менен байланышыңыз

Каалоосуз бойго бүтүүдөн оорукчан бала төрөлүшү мүмкүн

Ден соолук , Коом | 23 Ноя 2021 | 3537 | 0

Кыргызстанда жыл сайын 160 миңдей бала жарык дүйнөгө келет. Тилекке каршы, энелердин көпчүлүгү, расмий маалыматтар боюнча дээрлик 15 миңге жакыны аралыкты сактабайт. Мунун кесепетинен эне жана баланын өлүмү көп катталат. Эненин организми калыбына келип, дени сак баланы жарык алып келиши үчүн төрөт ортосундагы мөөнөттү сактоого маани берүү керектигин адистер белгилешет.

Бишкек шаарынын тургуну 25 жаштагы Нурайым ай-күнүнө жетип турган чагы. Жубайы экөө баш кошууну, балалуу болууну кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөндө эле алдын ала пландап коюшкан. Маселен, түгөйү тамеки тартууну таштаган. Учурда Нурайым өзү йога менен машыгат.

«Жолдошум менен бир жыл мурун күзүндө баш коштук. Экөөбүз сүйлөшүп, жарым жыл өзүбүз үчүн гана жашоону чечтик. Андан соң баланы пландаштырдык. Таза абада көп сейилдеп, дарыгер айткан витаминдери калтырбай ичип жүрдүм. Фасфуд, газдалган суусундуктардан алыс болууга аракет кылдык. Мен гинекологдун, жолдошум болсо урологдун кеңешин алдык. Негизи Кыргызстанда үй-бүлөнү пландаштыруу деген түшүнүк шаар жергесинде аз да болсо бар деп ойлойм. Аймактарда кандай экени мага белгисиз. Мисалы, жаштар балага жана үй-бүлөгө шарт түзүү максатында чет жакка чыгып иштеп келишет. Акча чогултуп, үй сатып алып дегендей. Баланын келечегине ата-эне жооптуу деп билем. Азыр коомдо ар кандай терс көрүнүштөр болуп жатпайбы, баласын таштандыга таштап же болбосо алдырып салып. Мындай окуялар коомдо болушунун бирден-бир себеби: үй-бүлөгө даярдыктын жоктугу жана жоопкерчиликти сезбегендик». 

Ош облустук репродукция борборунун жетекчиси Абдасбек Эшбаев дени сак энеден дени сак бала төрөлөрүн айтат. Ал ар бир аял жана эркек үй-бүлөнү алдын ала пландоо аркылуу келечекте коомго пайдасы тийген, дени сак баланы жаратарын, үй-бүлөнү пландаштыруу генефонддун, улуттун тазалыгына алып келерин баса белгилеп, бул боюнча аймактарда, мектептерде, жогорку окуу жайларда жаш өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Негизинен болочок эне,  келечектеги ата үй-бүлө курардан мурун: «Кантип эне болом? Кантип ата болом?» дегенди пландап алышы керек. Кээде зордук-зомбулуктан, кээде каалоосуз бойго бүтүп калышы мүмкүн. Эмне үчүн азыр зордук-зомбулук, кылмыш күч алды. Мына ошол каалабаган бойго бүтүү балдардын ден соолугуна, тарбиясына терс таасирин берүүдө. Биз шаар калкынын саламаттыгы, үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдүү оорулардын, жыныстык оорулардын алдын алуу боюнча дарт аныктоо жана айыктыруу кызматын көрсөтөбүз. Максатыбыз: калктын генофондун оңдоо, тукумду татыктуу уланткан балдардын төрөлүшүн шарттоо. Бул багытта алгылыктуу иштер жүрүп жатат». 

Борбор Азия, Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ичинде энелердин өлүмү боюнча биринчи орунда Тажикстан, экинчи орунда Кыргызстан турат. Расмий маалыматтарда төрөт ортосундагы аралыкты сактабагандар 15 миңге чукул деп берилсе, бейрасмий маалыматтарда 70 миңден ашары айтылат. Статистика боюнча 2018-жылы 500дөн ашуун 14 жаштан 17 жашка чейинки өспүрүм кыз төрөгөн. Бул сандарды бизге баяндап берген Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсынын жетекчиси Бактыгүл Бозгөрпөева эне-баланын өлүмүнүн же оорукчан балдардын төрөлүшүнүн башкы себеби дал ушул эрте куракта жана плансыз, күтүүсүз бойго бүтүү, ошол эле учурда эненин ден соолугунун начарлыгы экенин белгилейт.

«Бул көрсөткүчтөр расмий түрдө катталгандар. Азыр физиологиялык жактан өз күчү менен төрөгөн бир да аялды кезиктирбейсиң. Ошон үчүн төрөлүп жаткан балдардын ден соолугу өтө начар. Кыргызстанда көпчүлүк аялдардын ден соолугу начар, тамактануусу толук кандуу жана рационалдуу эмес. Болбоду дегенде аз кандуулук менен жабыркашат. Констрацепция тууралуу билбегендиктен же шарты жоктугунан улам сактанышпайт. Мисалы жылдын башында январда төрөсө, бир-эки айдан кийин эле кайра боюна бүтүп, декабрда экинчи баласын төрөйт. Акыркы учурда жалпы төрөттөрдүн ичинен бир жылда эки ирет төрөгөн аялдардын саны өсүүдө. Жалпысынан алганда, демографиялык жактан Кыргызстан жаш өлкө. Эксперттердин айтымында, 2050-жылы калкыбыздын саны 8 миллионго жетет. Төрөттүн саны жылдан жылга өсөт». 

Гинеколог, эндокринолог Айканыш Кадырбек кызы төрөттү алдын ала пландоо ар бир адамдын жоопкерчилиги, укугу болуп саналарын айтат. Анын пикиринде, жаш жубайлар балалуу болууга олуттуу мамиле кылуусу кажет. Үй-бүлөнү пландаштырууда төмөнкү критерийлер эске алынышы зарыл:

  • Үй-бүлө курганга чейин жана балалуу болордон мурун түгөйлөр медициналык текшерүүдөн өтүп коюшу шарт;
  • Бала пландуу, күтүлгөн бойго бүтүүдөн жаралышы керек жана ата-эне ага даяр болушу зарыл;
  • Биринчи бала менен кийинки баланын жаш айырмасы 2-3 жылдан болушу керек;
  • Түгөйлөр ортосунда тууганчылык байланыш болбошу зарыл, жети ата салтын кармануу да өтө туура көрүнүш;
  • Каалабаган, пландабаган учурда атайын бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонгондору туура болот.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2020-жылга карата жаштардын саны 1,6 миллионго жетип, жалпы калктын 27%ын түзгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жаштардын тукум улоо жаатында билиминин аздыгы жана маалыматынын жетишсиздиги орчундуу көйгөй болуп жатканын белгилейт. Алардын айтымында, билим берүү мекемелеринде бул боюнча маалыматтык программа, сабактар киргизилген. Өкүнүчтүүсү, программаны өтүүгө бөлүнгөн сааттар өтө аз жана тармактык мугалимдердин даярдыгы да жетишсиз. Ошол эле учурда кээде «уят» деген сыяктуу аң-сезим да сабакты эркин өтүүнү чектеп коёт.

Copyright © 2017 Maral FM