Биз менен байланышыңыз

Тиллаев: Кытайдын ички саясатына кийлигише албайбыз

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Дек 2018 | 1316 | 0

Тышкы иштер министрлигинде этникалык кыргыздардын кытай лагерлерине тартылып жатканы тууралуу мааалымат жок. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Кытайдагы этникалык кыргыздардын камалуусу Жогорку Кеңештин эки комитетинде да жабык эшик артында каралган. Жыйынтыгында ТИМге элчилик, эл аралык деңгээлдеги уюмдар аркылуу маалымат алуу тапшырмасы берилген.

«Элчиликтен маалымат келсе бул маселе парлементтин жалпы жыйынында каралып, тиешелүү чечимдер кабыл алынат. Учурда расмий маалыматтарды күтүп жатабыз. Биз Кыргызстандын жарандарын коргоого укугубуз да күчүбүз да жетет. Этникалык кыргыздар бизге боордош болгону менен тилекке каршы Кытайдын жарандары. Кытайдын ички саясатына кийлигишкенге укугубуз жок», — дейт Тиллаев.

Маалыматка ылайык, кытай лагерлеринде бир гана мусалмандар эмес, башка улуттун жана диндин өкүлдөрү да тарбияланып жатат. Учурда ТИМ, Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги тийиштүү иштерди алып барууда.

«Биз бул маселени дипломатиялык жол менен гана чечишибиз керек. Эки мамлекеттин лидерлери сүйлөшө турган болсо маселе оңой чечилет. Эгемендүү мамлекет болгондуктан Орусиядан колдоо күтпөшүбүз керек. Президент дагы боордош туугандарга кайдыгер карабайт. Ал эми Кыргызстандагы кытайларды тиешелүү органдар көзөмөлдөп турат», — дейт эл өкүлү.

Депутат ушул жылдын июль айында Кытайга барган. Анда бир топ кыргыз боордоштор менен жолуккан. Алар башка улуттарга салыштырмалуу кысым аз экенин айтышкан. Мындан сырткары лагерде тарбияланып чыккан жаш жигит менен дагы жолуккан. Бирок ал көп маалымат айткан эмес. Жаш жигит тууганына телефон алып, ага тыюу салынган тиркемелерди көчүрүп бергени үчүн камалганын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM