Биз менен байланышыңыз

Депутаттар Кытайда камалган кыргыздардын маселесин карашты

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 881 | 0

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кытайдагы кыргыздардын камалышы тууралуу жыйын өткөрдү. Мындай маалыматты депутат Абдывахаб Нурбаев «Марал» радиосуна билдирди.

Жыйында аталган маселе Улуттук коопсуз боюнча мамлекеттик комитеттин жана Тышкы иштер министрлигинин катышуусунда жабык эшик артында өттү. Анда депутаттар тиешелүү маалыматтарды алышып, министрлик Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги менен сүйлөшө турган болду.

Кошумчалай кетсек, Кытайда жакындары камакка алынгандар президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоп, бул маселе парламентте да көтөрүлгөн. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков текшерүү жүрүп жатканын маалымдаган.

Шинжандагы «кайра тарбиялоо лагерлеринде» 50 миңдей кыргыз кармалып жатканы айтылган. Алардын арасында профессор Мамбеттурду Мамбетакун, академик Аскар Жунус, редактор Кабылкан Садыктар да бар экени жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM