Биз менен байланышыңыз

Үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын 97% аялдар

Кыска кабар | 30 Ноя 2018 | 634 | 0

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан коргонуу боюнча тегерек стол болуп өттү. Мындай маалыматты Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Анда айтылгандай, үй-бүлөдө көбүнчө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер, балдар, аялдар кордук көрөрү изилдөөнүн жүрүшүндө маалым болгон. Ошондой эле андагы кордук көргөндөрдүн 97 % аялдар болот. Ал эми 30 пайыз балдарга күч колдонулуп, кордук көрсөтүлөрү аныкталган.

Сурамжылоого катышкандардын 71 пайызы үй-бүлөдө улгайган жарандарга ар кандай кысым болорун айтышкан.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM