Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Грузия президентин тандайт

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Ноя 2018 | 724 | 0

Бүгүн, 28-ноябрда Грузияда президенттик шайлоонун экинчи туру өтүүдө. Ал эми биринчи тур толук бир ай мурда өтүп, анда бийликтин «Грузин кыялы» партиясынын колдоосун алган эркин кандидат Саломе Зурабишвили менен «Бирдиктүү элдик кыймыл» оппозициялык блоктон чыккан талапкер Григол Вашадзе көпчүлүк добушка ээ болуп, экинчи турга өтүшкөн.

Негизинде эки кандидат тең Саакашвилинин учурунда министрлик кызматты аркалашкан. Бирок 76 жаштагы Саломе Зурабишвили кийин Саакашвили менен эки ажырым жолго түшүп, аны бийликтен кетирген учурдагы «Грузин кыялы» партиясы менен ымала түзгөн.

Вашадзе болсо дээрлик бардык оппозициялык күчтөрдүн, арасында бозгундагы Саакашвилинин да колдоосун алып, катуу күрөш жүргүзүүдө. Ал Батышка ыктаган, демократиялык багытта жол аларын айткан менен Зурабишвили да өзүнүн Батышта окуп, иштеген тажрыйбасын мисал келтирип европалык саясат жүргүзөрүн убадалоодо.

Саакашвилинин учурундагы коррупция, зордук-зомбулукка күбө болгон грузиялыктар учурдагы бийликтин чабалдыгын да жарыялап келишет. Бул кырдаалдарды эске алганда кайсы тараптын жеңерин божомолдоо абдан кыйын.  Себеби биринчи турдагы добуштарынын саны да абдан жакын чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM