Биз менен байланышыңыз

М.Салимов: Кытай арызданган адамдардын гана жакындарын камактан бошотууда

Күн чекит | 26 Ноя 2018 | 1522 | 0

Кытай өкмөтү Кызыл-Суу кыргыз автономиялык районунда жашаган кыргыздарды саясий кайра тарбиялоо лагерлерине массалык түрдө камап жатканы тууралуу кептер байма-бай айтыла баштады. Бул маселенин чоо-жайын билүү максатында Кытайда камалган кыргыздардын Кыргызстандагы жакындарынын кайрылмандар тобунун мүчөсү Салимов Муслихиддинге суроо узатканбыз.

Марал: Кытайдагы саясий тарбиялоо лагерлерине алып кирилген этникалык кыргыздар тууралуу акыркы кабарлар кандай?

М.Салимов: Жалпысынан абал өтө кыйын болуп турат. Себеби жалпы 50 миңдин тегерегинде, балким андан да көбүрөөк кыргыз аталган лагерлерге себепсиз камалып жаткан кези. Бул жакта окуган кыргыз балдардын ата-энелери, өздөрү, Кыргызстанга келип кеткендердин жакындары бары дайынсыз болууда. Телефон менен же интернет аркылуу байланышуу эч мүмкүн болбой жатат. Эми көп сандагы студенттердин Кыргызстандагы окуулары да калды. Камалгандардын кайсы лагерде, кандай абалда, тирүүбү эч нерсеси маалым эмес. 

Марал: Кандай негизде, эмне себептен камалышууда?

М.Салимов: Анык бир себеп жок эле камалып жатышат. Мисалы, кээ бирөө үйүндө Куран китеби болгону үчүн, кээси намаз окуганы үчүн же окуган киши менен бирге басканы үчүн, сакалы өсүп кетиптир деген жүйө менен камалгандар деле бар. Негизинен кыргыздарды Кыргызстанга кирип-чыкканы үчүн, телефон аркылуу сүйлөшкөнү үчүн, же жакыны Кыргызстанда жашаганы үчүн лагерге киргизип кетишкен. Арасында кыргыз жарандыгын алгандар дагы жок эмес. Мисалы, менин досум Токтакун Абылет Кыргызстандын жарандыгын алгандан кийин эле атасы камалды. Ага «Балаң келсин, ага бир-эки суроо берип кое беребиз» дешкен. Атасын куткаруу үчүн аргасыз барган Токтакун Абылетти да, атасын да камаган бойдон дайындары чыкпай жатат. 

Марал: Кытай бийлиги бул лагерлерди окутуу аркылуу терроризмге каршы күрөшүү максатында уюштурганын айтышууда. Иш жүзүндө ушундай болуп жатабы?

М.Салимов: Негизи лагерлердин максатын биз эмес мамлекетибиз да биле албай жатпайбы. Ал Кытайдын өзүнүн ички саясаты болгон үчүн сырттан түшунүү кыйын. Сөздө терроризмге каршы курөшүү үчүн деп айтылганы менен иш жүзүндө такыр андай болбой жатат. Дин менен байланышы жок дыйкан, малчылардын барын, Кыргызстандагы светтик эле окуу жайларда окуган студенттерди да камап жатпайбы. Ал гана эмес бул жакта соода-сатык иштерин кылгандарды да коркутуп чакырып алып, камап коюшту. 

Марал: Кайрылмандар тобу катары кандай чараларды көрүп жатасыздар?

М.Салимов: Биздин топ Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине кайрылуу жолдодук. Эми кезеги менен Жогорку Кеңешке, өкмөткө жана Президентке да кайрылабыз деп турабыз. Бирок бул маселе ЖКтеги айрым депутаттарга буга чейин эле жетип, алар ТИМне абалды тактоону тапшырганы маалым болду. Бирок азырынча бир тыянак чыга элек. Жакында мамлекеттик денгээлде чара көрулөт деп ишенебиз.

Марал: Аталган лагерлерден чыккан этникалык казактар болуп жатканы тууралуу маалыматтар тарады эле. Кыргыздардан да чыккандар болдубу?

М.Салимов: Жок, бизден чыккандар боло элек. Бирок этникалык казактардан чыгып, Казакстанга келгендер болду. Ондогон казактар менен мен дагы барып жолуктум. Алар лагерлердеги абалдын оор экенин айтышты. Түрмөдөгү эле шарттарда «тарбияланышат» экен. Бул жаатта казакстандык ыктыярчылар бизге караганда эрте иш башташкан. Тынбай кылган аракеттер, эл аралык коомчулукка жарыялоо жана казак бийлигинин да кийлигишүүсү менен бир топ казактарды бошотуп алышты. Кызыгы, камактан чыккан адамга дароо Казакстандагы жакынына телефон чалдырып, арызын алуусун, коомчулукка кайрылбоосун айттырышат экен. Жалаң гана жакындары жүгүрүп, аракет кылгандарды бошотуп жатышат. Ошол себептен биз дагы кыргыз коомчулугунун жан бийлигинин колдоосу менен тийиштүү аракеттерибизди жасап, ал жакта дайынсыз кеткен кыргыз боордошторубузду куткарып алабыз деген үмүттөбүз.  

Copyright © 2017 Maral FM