Биз менен байланышыңыз

Украина Донбасстагы калктуу аймакты өз көзөмөлүнө алды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 679 | 0

Украинанын күч түзүмдөрү Донбасстагы Рассадки калктуу аймагын өз көзөмөлүнө алганын жарыялады.

Аталган операцияга атайын кызмат бир ай бою даярданган. Бир нече күндүк иш-чарадан соң аймакка көзөмөлүн орнотконун жарыялашты.

Эске салсак, 2014-жылы Украинадагы саясий төңкөрүштөн кийин мамлекеттен бөлүнүп, эгемендигин жарыялаган Луганск Элдик Республикасы менен Донецк Элдик Республикасына каршы Киев күрөш жургүзүп келет. Борбордук бийликтин айтымында аталган облустар өзүнө каратып алган жерлер Украинанын бөлүнгүс аймагы болуп саналат. Ошондой эле аталган республикаларда өткөн ар кандай шайлоолорду жана алардын жыйынтыгын Киев кабыл албай келет. Эл аралык уюмдардын айтымында 2014-жылдагы төңкөрүштөн бери уланып келе жаткан жаңжалдардан жалпысынан 10 миңге чукул адам набыт болду.

Copyright © 2017 Maral FM