Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: 2020-жылы Кыргызстанды премьер-министр башкарган өлкөгө айланталы

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 653 | 0

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков Кыргызстанда парламент менен өкмөттүн алсыз болгондугунун себептерин атады. Ал элдик курултайда сүйлөгөн сөзүндө парламенттин, өкмөттүн үстүнөн президент башкарып жатканын айтты.

-Президенттик институт Жогорку Кеңештин жана аткаруу бийлигинин иштешине жол бербейт. Ар бир келген мамлекет башчынын аппарат жетекчиси премьер-министр болуп жатса, андай мамлекетте өкмөт болбойт. Азыркы президенттин аппарат жетекчиси да өкмөттү башкарып отурат.

Президенттин колунда УКМК, Башкы прокуратура болсо, андай кырдаалда парламент да, өкмөт да эркин иштей албастыгын айтты.

2020-жылы өлкөнү президент эмес премьер-министр башкарган мамлекетке айлантууну сунуштады.

-Акчанын ордун кетирмейинче, тизменин аукционун, добуш сатып алууну, админстративдик ресурсту токтотмоюнча, күчтүү өкмөттү, парламентти алып келе албайбыз,-деди Жээнбеков.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда. Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев жана вице-премьер-министр Жеңиш Разаков да келген.

Copyright © 2017 Maral FM