Биз менен байланышыңыз

Кененбаев: Президент коомдун ар кайсы өкүлдөрү менен кызматташууга даяр

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 802 | 0

Бишкекте өтүп жаткан саясий-коомдук уюмдардын курултайына президенттин аппаратынын жетекчи орун басары Алмаз Кененбаев катышты. Анда ал мамлекет башчынын куттуктоосун жеткирип, курултай өтө маанилүү иш-чара экендигин белгиледи.

-Сооронбай Жээнбеков коомдогу саясий жана жарандык коом, мекенчил жарандар конструктивдүү кызматташа алса гана өлкөдө тынчтык, ынтымак жана өнүгүү болорун дайыма белгилеп келет. Ал коомдун ар кайсы өкүлдөрү менен кызматташууга даяр,-деп билдирди Кененбаев.

Ал мындан тышкары, президент коррупцияга каршы күрөш жүргүзүп жатканын белгилеп, анын жыйынтыгы көрүнүп жатканын айтты.

Ошондой эле курултайда айтылган ойлор, сын пикирлер мамлекет башчыга жеткирилерин, алар тыкыр каралып жооп берилерин айтты.

Кошумчалай кетсек, иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда.

Бекназаров: Президентке сын айткан акылсыздык

Кененбаев: Курултайда айтылган сунуштар президентке жетет

 

Copyright © 2017 Maral FM