Биз менен байланышыңыз

Кененбаев: Курултайда айтылган сунуштар президентке жетет

Кыска кабар | 24 Ноя 2018 | 615 | 0

Бүгүн, 24-ноябрда Бишкекте коомдук саясий уюмдардын курултайы башталды. Ага президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмаз Кененбаев катышып алгачкылардан болуп сөз сүйлөдү. Анын айтымында, курултайда айтылган идеялар, сунуштар, сындар президентке жеткирилип, тыкыр каралат.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков мекенчил жарандар конструктивдүү кызматташа алса гана коом, өлкө өнүгөт деп белгилеген. Ал үчүн тез арада чечиле турчу кандай маселелер бар экенин талкуулап, белгилеп алуу керек.

Курултайда 4 теманын негизинде кайрылуу болот. Иш-чарага аймактардан да келген делегаттар катышып жатат. Уюштуруучулардын айтымында, аларга да сөз берилет, сөз сүйлөөгө ар бир саясий уюм бирден өкүл сунуштайт.

Ири иш-чарага 19 саясий партиядан 239 адам, 28 коомдук жарандык уюмдан 358, 90 ардактуу конок, 27 массалык маалымат каражаты катышууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM