Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык шахматчылар Өзбекстанда жеңишке жетишти

Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 706 | 0

Кыргызстандык шахматчылар Өзбекстанда өткөн Батыш Азия чемпиондугунда жеңишке жетишти. Бул тууралуу Шахмат федерациясынан билдиришти.

Анда 8 жаштагы Айжан Съездбекова классикалык шахмат түрүн ойноп, күмүш медаль алган. Ошону менен бирге блиц боюнча турнирге катышып “алтын” утуп алган.

Мындан тышкары 14 жашка чейинкилер арасында Нурлан Сакибаев блиц боюнча 2-орунду, ал эми Бегимай Заирбек кызы 18 жашка чейинкилер арасында 3-орунду багындырган.

Copyright © 2017 Maral FM