Биз менен байланышыңыз

Порошенко: Эгер ЕБ мүчөсү болгонубузда, Крымды жоготмок эмеспиз

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 620 | 0

Украинанын президенти Петр Порошенко: «Эгер НАТО же Евробиримдикке мүчө болгонубузда Крымды алдыртмак эмеспиз»,-деп билдирди. Ошондой эле ал өлкөнүн Баш мыйзамына Евробиримдикке кирүү маселесин тиркеп, бекитүү менен Москвага экинчи кылчайып карабай турганын билдирип жатканын белгиледи.

Порошенконун айтымында, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөрдүн жыйынтыктоочу кароосу келерки жылдын февраль айында өтчү Жогорку Раданын жыйынында болот.

Буга чейин өлкө башчысы парламентке конституциядагы Украинанын макамын кайра карап, Европа бүлөсүнө мүчө катары анын ордуна токтолууну сунуштаган. Ошону менен бирге НАТОго кошулуудагы курсун да бекитүү керектигин айткан.

Кошумчалай кетсек, Украина үчүн Евробиримдик стратегиялык маанилүү өнөктөш. Өлкөнүн экспортунун 38% жана импортунун 41% биримдик менен кызматташуунун алкагында жүрөт. Украина биримдиктин 2009-жылы түзгөн «Чыгыш өнөктөштүгү» программасынын негизги катышуучусу болуп саналат. Крымдын Украинадан бөлүнүп Орусияга кошулуусунда Европа Киевди колдоп, Крымдын аннекцияланышы боюнча Орусияга ири саясий-экономикалык санкцияларды киргизген.

Copyright © 2017 Maral FM