Биз менен байланышыңыз

Кремль Байдендин Крым боюнча жасаган билдирүүсүнө жооп кайтарды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Мар 2021 | 655 | 0

Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков АКШ президенти Жо Байдендин Крымды Орусияныкы деп таануудан баш тартканына жооп кайтарды. Бул тууралуу «РИА Новости» жазды.

Байден буга чейин АКШ Крымдын каратылып алынышын моюндабай турганын жарыялаган.

«Крымдын аннексияланышын чынында моюндоого болбойт. Себеби андай болгон эмес», — деди Песков.

Ал Крымдын Орусия менен кошулушу эл аралык талаптарга ылайык жүрөрүн кошумчалады.

26-февралда Ак үйдө Крымды Украинанын бир бөлүгү деп атаган Байдендин билдирүүсү жарыяланган. Анын айтымында, 7 жыл мурун Орусия өзүнө кошуна аймактын бүтүндүгүн, эгемендигин коргогон эл аралык укукту бузган.

Мамдума бул боюнча билдирүү жасап, Орусияга кошулуу жөнүндө референдумда Крым калкынын 96 пайызы добуш бергенин эске салды.

Ал эми Мамдуманын сенатору Алексей Пушков: «Крым Орусияныкы экенин дүйнө эли билет», — деп жазды. Ошондой эле ал, Байдендин сөзү тарыхый фактыны өзгөртө албай турганын айтты.

Крым 2014-жылдын март айындагы референдумдун жыйынтыгында Орусиянын курамына кошулган. Украина, Евробиримдик жана АКШ добуш берүүнүн жыйынтыгын таануудан баш тартып, аймакты кыйнап курамына кошуп жатканын айтып чыгышкан.

Copyright © 2017 Maral FM