Биз менен байланышыңыз

Зеленскийдин видеокайрылуусуна карата Лавров менен Лукашенконун пикири

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 999 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Беларусиянын борбору Минск шаарына дүйнөлүк улуу державалардын катышуусунда жогорку деңгээлдеги саммит уюштуруу тууралуу берген сунушуна Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров пикирин билдирди.

«Олуттуу сунуш боюнча сөз болгондо, Фейсбук аркылуу кайрылуу жасабай, алгач дипломатиялык жол менен ишке ашырылат. Ошентсе да, Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын аткарууга жардам берүүчү конкреттүү кеңештер тууралуу ойлонуп көрөбүз», — дейт Лавров.

Зеленскийдин бул демилгеси боюнча Беларусиянын президенти Александр Лукашенко да өз пикирин билдирди. Расмий кайрылуусу Беларусия президентинин сайтында жарыяланган. Анда Лукашенко Зеленскийдин сунушун колдой турганын маалымдап, «Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүчү орун тууралуу башка жактан сөз да болбошу керек. Минск ар дайым тынчтыкка чакыруучу демилгелерди колдойт жана сүйлөшүүлөр үчүн ачык аймак болуп саналат», — деген.

Кошумчалай кетсек, Владимир Зеленский 8-июлда Фейсбуктагы баракчасы аркылуу Владимир Путинге кайрылуу жасаган. Анда Минск шаарында Крым жана Донбасс маселесин АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франция өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда талкуулоо сунушун айткан.

Copyright © 2017 Maral FM