Биз менен байланышыңыз

Бельгия: Орусиянын саясаты терроризмден да кооптуу

Орусиянын учурдагы агрессивдүү саясаты эл аралык терроризмден да кооптуу.  Бельгиянын коргоо министри Карл Гиллистин мындай пикирин Paris Match басылмасы жарыялады.

Карл Гиллис мындай тыянакка Римде өткөн НАТО мүчөлөрү менен орус тараптын расмий өкүлүнүн жолугушуусунан кийин келгенин билдирген. Себеби жыйында эл аралык терроризм тууралуу эч бир сөз болбой, сүйлөгөндөрдүн барынын докладында орус коркунучу айтылган.

Ал эми Орусиянын президентинин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Орусия эл аралык аренадагы лидерлигин коргой турганын жана башкалардын муну кабыл алуусу үчүн күрөшөрүн билдирген. Ошондой эле Батыш Орусияны курчаган кызуу аймактар Афганистан, Сирия, Крым жана Кавказдагы кырдаалдарды ага каршы колдонууда деп эсептейт.

Гиллистин айтымында Кремль өз максатына жетүү үчүн ар түрдүү гибриддик ыкмалар: тыңчылык, киберчабуул жана саясий басым жолдорун колдонуп жатканын белгиледи.

Эске салсак, Батыш менен Орусиянын ортосундагы мамиле Крым жарым аралы Украинадан бөлүнүп Орусияга кошулгандан тарта начарлап кеткен. Өзгөчө Балтика жана Кавказ өлкөлөрү коңшу Орусияны өздөрү үчүн чоң коркунуч деп эсептеп, НАТО жана Евробиримдиктен колдоо сурап келишет.

 

Copyright © 2017 Maral FM