Биз менен байланышыңыз

Англия делегациясы беш жылдан бери алгачкы жолу Крымга келет

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Фев 2019 | 614 | 0

Англиялык саясатчылардын делегациясы беш жылдан бери алгачкы ирет талаштуу Крым аймагына келишет. Бул тууралуу Риа новости жазды.

Маалыматка ылайык, 15 кишиден турган делегация Крымда өтө турчу V Ялта эл аралык экономикалык форумга катышат.

Крымдын жетекчиси Сергей Аксенев британиялыктар буга чейин бирин-экин келгени болбосо, топ болуп алгачкы ирет келерин билдирди. Анын айтымында жарым аралдын инвестициялык дарамети абдан жогору, муну аймак менен кызматташууну каалап жаткан тараптар да баалай аларын үммүттөнүүдө.

Ялта форуму- экономика тармагында жылына Крымда өтүүчү эл аралык иш чара. 2019-жылдагы жыйыны 17-20-апрель күндөрүнө пландалууда.

Эске салсак, башка Европа мамлекеттери сыяктуу Англия Крымдын аннекцияланышына каршылык билдирип, аймакты Украинага таандык деп таанышканын жарыялашкан. Буга байланыштуу Евробиримдик Орусияга бир катар ири санкцияларды киргизген. 2014-жылдан бери аталган санкциялар ар алты айда жаңыланып турат.

Copyright © 2017 Maral FM