Биз менен байланышыңыз

Зеленский: Украина Крымды баскынчылардан куткарат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 мая 2019 | 686 | 0

Украинанын жаңы шайланган президенти Владимир Зеленский Крым Украинага өтөрүнө ишенет. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

«Бүгүн Крым татарларын депортациялоо башталганына 75 жыл болду. Мен Крым татарларынын өлкөсүн баскынчылардан куткара турганбызга ишенем. Жол канчалык узак болбосун, биз аны чогуу басып өтөбүз», — деп жазат Зеленский.

Зеленскийдин айтымында, Крым татарлары дагы бир жолу репрессиянын курмандыктары болуп калышты.

Эске салсак, Крым менен Севастополь бийлиги 2014-жылдын 16-мартында Россия менен биригүү боюнча референдум өткөрүшкөн. Анда добуш берүүгө укуктуулардын 80 %ы катышып, 96,7 %ы макул деп добуш берген. Ошол эле жылдын 18-мартында Орусиянын президенти Владимир Путин Крым менен Севастополду Орусия федерациясына кабыл алуу келишимине кол койгон. Документ 21-мартта ратификацияланган. Референдумдун жыйынтыктарына карабай, Киев Крымды Орусиянын аймагы катары таануудан баш тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM