Биз менен байланышыңыз

Тыңчы Скрипаль окуясы тууралуу жаңы видеолор жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Ноя 2018 | 593 | 0

Лондондун полициясы мурунку орусиялык тыңчы Сергей Скрипалдын уулануусуна шектелген орусиялык жарандар Руслан Боширов менен Александр Петровдун жаңы видеолорун жарыялады. Анда окуя болгон 4-март күнү эки орусиялык жаран Солсбери шаарынын көчөлөрүндө жүргөнү, маркетке киргени жазылып калган. Бирок бул видеолордо алардын аталган кылмышка байланышкан эч бир иши көрсөтүлгөн эмес.

«Солсбериде эки орус жараны Боширов менен Петров айланып жүргөнү тартылган видеолор колубузга түштү. Ошол кезде бул аймакта аталган кишилерди көргөндөр же алар уулуу затты куюу үчүн колдонгон атырдын идишин тапкандар болсо кабарлагыла»,-деп айтылат.

Эске салсак, ушул жылдын 4-мартында Орусиянын Борбордук чалгындоо кызматынын мурунку офицери, «мамлекеттик сырды сатуу, мекенге кыянат кылуу» беренелери боюнча айыпталып, соттолуп чыккан Сергей Скрипаль жана анын кызы Юлиянын ууланганы боюнча кылмыш иши козголгон. Арадан бир нече күн өткөндөн кийин Англия бул иште орус бийлигинин катышы бар деп жарыялап, кылмышкер катары эки орус жаранын атаган. Британ полициясынын билдиришинче, алар Орусиянын атайын кызматынын офицерлери болушкан.

Бирок аты аталган Руслан Боширов менен Александр Петров Солсбериге турист катары барышканын айтып, өздөрүнө коюлган айыпты кескин түрдө четке кагышты. Ошентсе дагы окуянын артынан бир катар Европа мамлекеттери өздөрүндө иш алып барган Орусиянын элчилерин жана башка дипломаттарын «тыңчылык кылууда» деген жүйө менен өлкөдөн чыгарышып, Москва менен дипломатиялык мамилелерин үзүшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM