Биз менен байланышыңыз

Йеменде ачкалыктан 85 миң бала көз жумду

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Ноя 2018 | 792 | 0

Йеменде үч жылдан бери токтобой келе жаткан согуштун айынан беш жашка чейинки 85 миңге чукул бала көз жумду. Бул тууралуу өлкөдө гуманитардык жардам иштерин алып барган “Балдарды коргойлу” уюму билдирди.

БУУ өткөн айда 14 млн йемендик ачкачылыктын эң төмөнкү чегинде күн көрүп жатканын жарыялаган. Мунун айынан уюм өлкөдө эң чоң гуманитардык кризиске алып келген согуштун катышуучуларын согушту токтотууга чакырган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет.

Йемен 2015-жылы Сауд Аравиясы баш болгон коалициянын жикчил хуситтерге каршы абадан сокку ура баштаган күнүнөн тарта талкаланып, оор кризиске кептелди.

БУУнун билдиришинче кеминде 7 миңдей киши согуштан набыт болсо, 10 миңден ашууну жарадар болгон. Каардуу согуш жана аскердик блокада 22 млн адамды гуманитардык тез жардамга муктаж кылып, бир миллиондон ашуун калк холера оорусуна чалдыкты. Дүйнөдө дабасы жеңил болгон холера жүз миндеген йемендиктин өмүрүн алды.

Эң кызуу кагылышуу болуп жаткан Худайда порт шаарындагы 150 миңдей жаш баланын өмүрү олуттуу коркунучта. Канчалык гуманитардык жардам жеткирилбесин күнүмдүк тиричилигин өткөрүү мүмкүнчүлугү чектелген, тегереги бомба жана блокадада калган Йемен үчүн согуш токтобосо аман калуу ыктымалдыгы өтө аз.

Copyright © 2017 Maral FM