Биз менен байланышыңыз

Ливиядагы тирешүү миңден ашык адамдын өмүрүн алды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Июл 2019 | 576 | 0

Ушул жылдын 4-апрелинен бери Ливиянын борбору Триполи шаарынын айланасында орун алган салгылашуулардын натыйжасында аз дегенде 1048 адам каза таап, 5 миң 500дөн ашыгы ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун Ливиядагы бөлүмү Twitterдеги баракчасы аркылуу маалымдады.

«Триполидеги кризистик абал 4 айдан бери уланып келет. Каза болгондордун саны 1048ден ашты, алардын 106сы жай тургундар. Дагы 5558 адам жарадар болгон, алардын 289у жай тургундар»,- деп жазылат билдирүүдө.

Эске салсак, 3-июлда Триполиде качкындар лагерине жасалган аба чабуулунан 40тан ашык адам каза болуп, 80ге жакын адам жаракат алган.

2011-жылы Ливияда жарандык согуш башталган. Муаммар Каддафинин бийлиги кулатылгандан кийин Ливияда кош бийлик орногон: чыгыш тарабындагы Тобрук шаарында парламент орун алган; ал эми батыштагы Триполиде элдик бийлик башкарып келет.

Буга чейин, Триполи үчүн салгылашта апрель айынан бери эле 500дөн ашык адам ажал таап, 75 миңдей адам үй-жайын таштай качканы айтылган болчу.

Copyright © 2017 Maral FM