Биз менен байланышыңыз

Йеменде 12 миллион бала жардамга муктаж

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Ноя 2020 | 399 | 0

Йеменде 12 миллиондон ашуун бала ачарчылыктан улам гуманитардык жардамга муктаж. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин төрайымы Хенриетта Фор БУУнун расмий сайтына жарыялады.

Анын айтымында, Йемен акыркы жылдарда өтө катуу ачарчылык менен беттешүүдө. Азык-түлүк тартыштыгынан беш жашка чейинки 325 000ден ашуун бала жашоо үчүн күрөшүп жатат. Жокчулук коштой келген холера жана ич өткөк оорулары беш миллиондон ашуун баланын өмүрүнө коркунуч жаратууда.

Мурунтан болуп келген жакырчылык, беш жылдан бери токтобой жаткан кагылышуулар Йемендин башына мүшкүл үйгөнүн, анысы аз келгенсип, дүйнөнү каптаган коронавирус пандемиясы бул кризиске кошул-ташыл болуп, апаатка айландырганын баса белгиледи.

Фор Йемендеги балдарды колдоо жана каржылоо үчүн уюм башкалардын жардамына муктаж экендигин айтып, дүйнө жүзүн көңүл бурууга чакырды.

Copyright © 2017 Maral FM