Биз менен байланышыңыз

XXI кылымдын эң чоң гуманитардык апааты: Йемен ачкачылыгы

Дүйнө | 4 Окт 2018 | 1261 | 0

Сентябрдын аягында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы Йемендеги жагдайды кароо үчүн жыйналып, аны дүйнөдөгү эң чоң гуманитардык апаат деп атады. Абал ушул бойдон уланса жакынкы арада БУУ Йеменде ачкачылык жарыялайт.

Дээрлик 4 жылдан бери от чачкан жарандык согуш Йеменди дүйнөнүн эң байкуш өлкөсүнө айлантты.

Мамлекеттен айлык, пенсия, жөлөкпул берүү токтогон, ишканалар жабылган, сырттан келүүчү товарлардын жолу жабылган, базарлар бомбалоодон талкаланган. Айтор жашоочулардын турмуш тиричилигин өткөрүү мүмкүнчүлүктөрү толук буулган.

БУУнун Йемендеги коопсуздук кызматкери Адиль Аль-Асбахи буларды айтты:

“Шаарларда жашоо токтоп калгандай. Туруктуу киреше деген нерсе жок. Үй-бүлөлөр жакындарын жоготкон, үй-жайынан ажыраган, тиричилик оокатынан ажыраган абалда ушул каргашанын бүтүүсүн тилеп гана отурушат.”

 

Эл аралык гуманитардык уюмдардын жардамын күткөндөн башка чарасы жок йемендиктер эгер сырттан жардам жетпей калганда чөп-чар, жалбырак менен өзөк жалгашат.

Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын билдиришинче, мамлекетти ачкалыктан сактап калуу үчүн кеминде жылына 2 млрд 200 млн доллар керектелет.

Дүйнөнүн булуң-бурчунан 190гө жакын уюмдардан келген гуманитардык жардам калктын 1/3ине гана ченемдүү өлчөмдө берүүгө жетүүдө.

28 миллион калктын 2/3си эртеңки тамагын кайдан таап жээрин билбейт. Дээрлик 11 миллион адам ачкачылыктан азап чегүүдө.  Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Йемендеги координатору Стивен Андерсон буларды айтты:

Йемендеги абал күндөн-күнгө оорлошуп бара жатат. Ачкалыкка кошумча болуп өлкөнү холера оорусу өтө тездикте каптап баратат. Токтотуу эч мүмкүн болбой калды”.

2018-жылдын жарымына чейин холера оорусунан жапа чеккендердин саны 350 000ден ашты. Көпчүлүгү жаш балдар. Дүйнөдө жеңил эле айыктырылчу холерадан 2000ге чукул киши каза болду.

Дарыгер Марван Мухаммед абалды түшүндүрүүдө:

Жетиштүү тамактанбагандыктан оорулар артып баратат. Бизге оор абалда кайрылгандардын саны өстү. Мамлекетте ооруканалардын жарымы гана иш алып бараткан учурда бизге бул кошумча кыйынчылыкты жаратууда”.

БУУнун баш катчысынын орун басары Стивен ОБрайан согуш башталгандан бери өлгөндөрдүн саны гуманитардык уюмдардын билдиргенине таянып, 10 000 ден ашканын айтты. Бирок иш жүзүндө мындан да көп болуусу ыктымал. Анткени  эч бир эл аралык уюм жетпеген алыскы райондорунун абалы дээрлик беймаалым.

Согушуп жаткан Йемендин расмий бийлиги жана козголоңчу шииттик тобу гуманитардык абалды дээрлик көзөмөлдөбөй калган.  Өлкөнү дүйнө менен байланыштырып турган эл аралык аэропорт жана деңиз жолдору торолгон. Согушуп жаткан эки тарап тең ушул жолдорду ээлөөгө аракет кылып, кандуу согуш дал ушул Худайда порт шаары менен эл аралык аэропорттун аймагында тынбай келет. Бул сырттан келүүчү гуманитардык жардамдардын да жолун бууп салууда.

Бүткүл дүйнөлүк азык-тулүк программасынын жетекчисинин орун басары Дэвид Бизли согушуп жаткандарды жай тургундардын абалына жоопкерчиликтүү мамиле кылууга чакырды:

“Ондогон эл аралык уюмдар жарандарга негизги муктаждыктагы азыктарды жеткирүүгө аракет кылышууда. Согушуп жаткандар, кайсы тарап болбосун, күнөөсүз жарандардын тамактануу укугун сыйлап, жардамдардын өтүүсүнө тоскоолдук кылбоосун суранабыз!”

 

Шаарлар менен бирге суу каналдары да талкаланган. Ичүүгө жарамдуу суу булактары булганган. Таза суу ичүү йемендиктердин өтмүшүндөгү элестеринде гана калды.

Бирок жигердүү жана тынчтыкка катуу умтулган жарандары бар. БУУнун адам укуктары боюнча Йемендеги өкүлү Элобаид Ахмет буларды билдирди:

“Биз намыстуу жаштардын топторун жолуктурдук. Согуштан тажаган, мекенин сүйгөн, келечекке жаркын пландары бар жаштарды. Алар өлкөсүнүн бүгүнкү абалы үчүн абдан намыстанышат. Алардын демилгелерин колдоо керек”.

Эскерте кетсек, 2014-жылы баш көтөргөн “Араб жазы” төңкөрүштөрүнүн учкуну Йеменге да жетип, козголоңчу шииттик хуситтер тобу 30 жылдан ашуун өлкөнү башкарып келген президенти Али Абдулла Салихти тактан түшүрүшкөн. Бирок анын кетүүсү өлкөнү жыргатпастан, кайра шиит-суннит согушун ырбаткан. Шиит козголоңчуларына каршы согушкан расмий Йемен бийлигине Сауд Аравиясы баш болгон бир нече арап өлкөлөрү жана батыш мамлекеттери ыңгайына жараша жардам берип келүүдө. Учурда борбор шаары Сана, ири шаары Худайда жана деңиз жээгиндеги айылдарда согуш кызуу уланууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM