Биз менен байланышыңыз

Йемендеги согушта жаракат алгандар ооруканага чыгарылат

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2018 | 731 | 0

Йеменде Сауд Аравиясы баш болгон арап коалицияга каршы согушуп жаткан шииттик хуситтер тобунун 50 жарадар согушкерин коопсуз аймакка чыгарууга коалиция уруксат берерин билдирди. Ага ылайык оор жаракат алган 50 хусит Омандын борбору Маскатка жеткирилет. Аларды БУУнун атайын учагы алып чыгат. Бул тууралуу Al-Arabia  телеканалы кабарлады.

Буга чейин сауддар блокадага алган аймактан жаракат алгандарга эч кандай мүмкүнчүлуктөр берилбей келген. Ошондой эле катуу көзөмөлдө турган Худайда порт шаары жардыруулар менен бирге тамак-аштын жетишсиздигинен да жабыркап, ачарчылыкка кириптер болушту.

Эске салсак, 2014-жылдан бери уланып келе жаткан согуш он миңдеген жарандын өмүрүн алды. Мамлекеттин инфраструктурасы талкаланып, экономикасы кескин түрдө начарлаган. Сунниттик башкарууга каршы чыккан шииттик Ансарулла тобу Ирандын колдоосунда согушса, сунниттердин таламын талашкан Сауд Аравиясы баш болгон араб коалициясы  бир нече Батыш өлкөлөрүнө таянып согушту тутантып келишет. Бул күнгө чейин эки тарап тең натыйжалуу артыкчылыкка жетишпей жатышынын беделин карапайым калк оор  өтөп жаткан чагы.

Copyright © 2017 Maral FM