Биз менен байланышыңыз

Америка Саудиянын согуштук учактарына күйүүчү май берүүнү токтотот

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Ноя 2018 | 747 | 0

Йемендеги согушка түздөн-түз катышып, Европанын колдоосу менен көтөрүлүшчү хуситтерге каршы чабуулдарды байма-бай берип келе жаткан Сауд Аравиясы эми согуштук учактарын колдоно албай калуусу ыктымал. Анткени Америка аларга учактарды азыктандыруучу майды сатуудан баш тартат.

Америка оппозициясы жана жарандык коом бийликтин Сауд Аравиясына өтө чоң көлөмдөгү согуштук куралдарды сатканын сынга алууда. Алардын айтымында, Америка бул иши менен Йемендеги миллиондогон бейкүнөө адамдардын канын төгүүгө ортоктош болууда.

Бирок буга чейин да айтылып келгенине карабай, АКШ тарап сауддарга согуштук курал сатууну арттырып, бул жылы анын суммасы 20 миллиард долларга жетти.

Ал эми аталган куралдарды колдонгон Сауд падышачылыгы Йемендеги жарандык согушка түздөн-түз катышып, бир нече страктегиялык маанилүү обьекттерди талкалап, хуситтер ээлеп алган аймакты жараксыз абалга алып келүүгө аракет кылууда. Сырт менен байланыштыруучу жолдор блокадада калып, өлкөдөгү ачарчылыктын келип чыгуусуна себеп болууда.

Экинчи тараптан Иран бийлигинин көкүтүүсү жана жардамы менен иш алып барган хуситтердин соккулары да жай тургундардын башына муш болууда. Төрт жылдан бери түрдүү жолдор менен чабуул уланткан эки тарап тең көздөгөн жеңишине жетише элек. Бирок ортодогу эл ачкалыктан жана оррудан улам кырылып баратат.

Эл аралык коомчулук тараптарга эскертүүлөрдү бергени менен азырынча аны угуу эч кимдин ниетинде жок сымал өзгөрүүсүз калууда.

Copyright © 2017 Maral FM