Биз менен байланышыңыз

Алиев Тоолуу Карабакта ок атышууну токтотуу шарттарын атады

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Окт 2020 | 650 | 0

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев кечээ, 4-октябрда элге кайрылып, Тоолуу Карабакта ок атышпоо келишиминин шарттарын атады. «Биздин шарт — бизге армян куралдуу күчтөрүн басылып алынган жерлерден чыгарып кетүү графигин көрсөтсүн» — деди мамлекет башчысы.

Ошондой эле, ал Армения жетекчилигин, бир катар Европа өлкөлөрүн Тоолуу Карабактагы жаңжалдын курчуп кетишине айыптады. Алиевдин айтымында, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Минсктеги тобуна Арменияга таасир этүү, Армениянын жетекчилигине каршы санкцияларды киргизүү өтүнүчү менен көп жолу кайрылган, бирок анын үнүн эч ким уккан эмес.

Мындан тышкары Алиев Ереван Азербайжан элинен кечирим сурап, Тоолуу Карабак Армениянын жери эмес экенин ачык жарыялагандан кийин гана сүйлөшүүгө бара турганын билдирди.

Эске салсак, 27-сентябрда Тоолуу Карабакта армян жана азербайжан аскер күчтөрүнүн ортосунда куралдуу кагылышуу болгон. Жекшемби күнү Степанакерт кайрадан массалык аткылоого дуушар болду. Аскердик жаңжал бир жумадан ашык убакыттан бери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM