Биз менен байланышыңыз

Жарым миллиардга чукул бала согуш жүрүп жаткан аймактарда жашайт

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Фев 2020 | 544 | 0

Дүйнө боюнча жарым миллиардга жакын, тактап айтканда, 415 миллион бала куралдуу конфликт жүрүп жаткан аймактарда жашайт. Бул тууралуу 13-февралда, коопсуздук боюнча Мюнхендеги конференцияда Save the Children уюму «Балдарга каршы согуш» баяндамасында маалымдады.

Бул көрсөткүч 20 жыл мурдагыга салыштырмалуу 2 эсеге өскөн. Андан сырткары, баяндамада белгиленгендей, зомбулук жана ыдык көрсөтүүнүн курмандыктары болгон балдардын саны өскөн.

2018-жылдагы маалымат боюнча, дүйнө боюнча ар бир 6-бала согуш жүрүп жаткан аймактарда жашап келет. 2005-жылдан бери согушта өлгөн балдардын саны 95 миңге чамалаган.

«Балдардын курал катары колдонулушу, жана буга эч ким жоопкерчилик албай жатканын дүйнө жөн гана байкоо салып карап турганы таң калтырат»,- дейт Save the Children уюмунун төрагасы Сюзанна Крюгер (Susanna Krüger).

Куралдуу конфликттин жүрүшүндө көбүнчө ооруканалар менен мектептерге чабуул жасалат, анын айынан миллиондогон балдар билим ала албай, медициналык жардамга кайрыла албай калышарын айтат Крюгер.

Балдар үчүн кооптуу өлкөлөр   

2018-жылы аскердик кагылышууда бери дегенде 12 125 бала өлтүрүлүп же жарадар болгон. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп.

Save the Children уюмунун маалыматы боюнча, балдар үчүн өтө кооптуу болгон 10 өлкө: Ооганстан, Конго, Ирак, Йемен, Мали, Нигерия, Сомали, Түштүк Судан, Сирия и БАР.

Согуш талааларынын курмандыктары болгон балдар тууралуу толук маалыматты Save the Children уюмунун сайтынан көрө аласыз.

Copyright © 2017 Maral FM