Биз менен байланышыңыз

Орусиялык аскердик химиктер Алеппого барышты

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Ноя 2018 | 677 | 0

Орусиялык аскердик химиктер Сириянын Алеппо шаарына барышты. Алар кечээ террористтер тарабынан ташталган уулуу жардыруудан жабыркагандарды текшеришет. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлу Игорь Конашенков билдирди.

«Уулуу заттын жарылуусунан жабыркагандар жаткырылган бейтапканага орус аскердик базасынын радиациялык, химиялык жана биологиялык коргонуу бөлүмүнүн кызматкерлери келишти. Алар жабыркагандар менен мониторинг иштерин жүргүзүп, абалды байкаштырышат»,-деди Конашенков.

Генералдын айтымында орус тарап буга чейин Сириянын Идлиб шаарындагы куралсыздандырылган аймакта «Ак каскалар» тобу уулуу затты колдонуу менен чагым уюштурууну көздөгөнүн такташкан. Алар мунун менен өкмөттүк күчтөрдү калктуу аймакка химиялык чабуул коюуга күнөөлөө үчун муну жасарын билдиришкен. Ошондой эле орус аскердик базасы Сириядагы түрк тарап менен биргеликте мониторинг иштерин жургүзүүнү пландап жатышканын белгиледи.

Эске салсак, 24-ноябрь күнү Алеппо шаарынын калктуу бөлүгүнө химиялык уулуу зат кошулган жардыруу уюштурулган. Натыйжада 75 киши, арасында 7 жаш бала жабыркап, бейтапканага жаткырылган. Алар уудан таасирленип, дем алуусу кыйындап, көздөрүнөн жаш агып жатканын билдиришкен.

Copyright © 2017 Maral FM