Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш «Ачык асман» долбоорун жактырды

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 821 | 0

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети “Аба кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорун депуттар жана өкмөт биргеликте иштеп чыккан. Анда “Ачык асман” долбоору сунушталган. Депутат Абдувахап Нурбаев бул долбоордун жарандык авиациянын өнүгүшүнө залака тийгизбей турганын белгиледи.

Ошондой эле бардык учактарга Кыргызстандын аркылуу учканы шарт түзүлөт. Ал үчүн “Аба кодексине” аба эркиндигинин 5-даражасын киргизүү зарыл деп кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM