Биз менен байланышыңыз

Төрага жана депутаттар ТүркПАнын жыйынына катышууда

Кыска кабар | 20 Ноя 2018 | 741 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда төрага Дастанбек Жумабеков жана Жогорку Кеӊештин депутаттары Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) жыйынына катышып жатат. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Жыйын Түркиянын Измир шаарында өтүп жатат. Ассамблеянын 8-отуруму, ТүркПАнын 10 жылдыгына арналган конференция, эки тараптуу жолугушуулар болуп жатат. Ал эми эртең, 21-ноябрда ТүркПАнын 8-пленардык жыйыны болот.

Айта кетсек, жыйынга Жогорку Кеӊештин депутаттары Салайдин Айдаров, Калдарбек Баймуратов, Абылкайыр Узакбаев, Садык Шер-Нияз жана Искендер Матраимов барган.

Copyright © 2017 Maral FM