Биз менен байланышыңыз

Нарында элдин 63 пайызы көмүр менен камсыздалды

Кыска кабар | 18 Ноя 2018 | 620 | 0

Нарын шаарындагы жылуулук берүүчү ишканалар, мекемелер көмүр менен толук камсыз болду. Ал эми учурда калктын 63 пайызы гана көмүр алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жалпысынан Нарын шаарына кышында пайдаланууга 9240 тонна көмүр керектелет. Азыркы тапта шаар көмүрдүн 78 пайызы менен камсыздалды.

Белгилей кетсек, учурда шаардагы атайын кампаларда, жеке ишкерлерде 360 тонна кɵмүр сатылуу үчүн турат.

Copyright © 2017 Maral FM