Биз менен байланышыңыз

Бишкекке дагы 15 жаңы мектеп керек

Кыска кабар | 17 Ноя 2018 | 640 | 0

Бишкек шаарына дагы жаңы 15 мектеп курулушу керек. Ошондо гана 3 кезек менен окутуу жоюлат. Мындай маалыматты вице-мэр Бакыт Дүйшембиев билдирди.

Анын айтымында, шаардагы мектептер 77 миң окуучуга ылайыкталган болсо, азыр ал жерлерде окуп жаткандардын саны 157 миңге жетет. Ошондой эле окуучу көп санда болгон мектептердин алдында жол кырсыгы көп катталары да маалым болгон. Окуучулардын катышуусундагы жол кырсыгы Жаш Гвардия менен Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде көп катталарын айтты. Буга ал жерде жол белгилеринин жоктугу жана жөө жүргүнчүлөр өтө турган аймактын атайын түскө боёлбогонун жүйө келтирди.

Copyright © 2017 Maral FM