Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Маршрутканы азайтуу үчүн 800-1000 автобус керек

Кыска кабар , Пикирлер | 16 Ноя 2018 | 904 | 0

Бишкекте калкты тейлеген маршруттук таксилерди азайтыш үчүн 800-1000 автобус керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калаа үчүн 380 млн сомго чоң автобус алуу маселеси көтөрүлүүдө.

Маалым болгондой, Бишкек шарында унаа токтотуучу жайлар боюнча долбоордун презетанциясы өткөн. Жакынкы күндө аталган долбоор шаар тургундарына тааныштырылат.

Мындан сырткары, калаанын деталдык планынын айрым пунктарына толуктоолор киргизилген. Бул план боюнча дагы жарандар декабрь айынын соңунда тааныша алышат.

«Деталдуу пландоо иштери бүтүп калды. Аны кабыл алсак орусча аталыштагы жерлерди карап чыгабыз. Базарларга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү каралууда. Жаңы конуштарга коммуникацияларды киргизүү татаал болуп жатат. Жарандар өздөрү добуш берген шаардык кеңештин депуаттарына катуу талап коюшса, бирге иштесек өнүгүү болот», — дейт Алмамбетова

Ал буга кошумча, каладаагы тилемчилерге чара көрүлүп жатканын, бирок кайырчылар боюнча мыйзамда кемчиликтер бар экенин айтты.

«Тилемчилик кылгандардын жоопкерчилиги аз. Алар салынган айып пулду төлөйт да кайра иштей берет. Акимдер жума сайын кайыр сурагандар боюнча рейд өткөрөт», — дейт Алмамбетова.

Copyright © 2017 Maral FM