Биз менен байланышыңыз

Кулматовдун жарандыгы боюнча арыз артка кайтарылды

Саясат | 15 Ноя 2018 | 694 | 0

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовдун паспорту боюнча доо арызын кайтарып алды.

Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарынын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовдун паспортун жараксыз деп табуу боюнча Биринчи май райондук сотуна берген арызын кайтарып алды. Бул тууралуу каттоо кызматынын юристи Тынчтык Жакеев билдирди.

-Арызды кайтарып алуунун себеби бар. Анткени айрым жагдайларды дагы арызда бекитүү керек болду.

Арызды Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Каттоо кызматынын арызы каралышы керек болчу. 14-ноябрда сот отурумунун башталышында судья Алмаз Калыбаев билдиргендей, аталган мекеме кат менен кайрылып арызын артка кайтарып алган.

Ал эми айыпталуучунун адвокаты Сергей Слесарев каттоо кызматы сотко берилген документтердин түп нускасын көрсөтө албай калышы дагы ыктымал экенин белгиледи.

Алар орусиялык документтерге шилтеме берип жатышкан, бирок ал документтердин аныктыгына тергөөчү гана кол койгон. Бирок тергөөчү документтердин аныктыгын аныктоочу тарап боло албайт.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна буга чейин Кубанычбек Кулматовдун атына берилген (ID жана жалпы жарандык паспорт) паспорттордун мыйзамдуулугун жокко чыгарууну өтүнүп, арыз менен кайрылган. Департамент тарабынан түзүлгөн комиссия Кулматов 1996-жылы Орусиянын жараны болуп туруп мыйзамсыз негизде Кыргызстандын паспортун алганын аныктаганы жарыяланган.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев бул соттук ишти токтотуп коюу керектигин белгиледи. Ал Кулматовдун паспорту боюнча доо арыз берүүгө себеп жок деп эсептейт.

-Бул оюндарды токтотуу керек. Чындыгында Кулматовду жарандыгынан ажыратууга негиз жок.  Болбогон эле нерселерди көтөрүп жатышат.

Кыргызстанда мындай доо арыз менен кайрылган учур биринчи жолу болду. Бул тууралуу юрист Канат Азиз билдирип, бул иш ушуну менен жабылат деген ойдо.

-Кулматов менен болгон окуя саясий жана сот практикасында биринчи жолу болуп жатат. Каттоо кызматты жарандык боюнча маселени туура эмес койду. Арызын кайтарып алуусуна да ошол себеп болду. Эми бул иш ушуну менен бүтөт деп ойлойм.

Ал эми УКМК Кулматов СССР убагында алган паспортун жоготуп койгонун, Орусиянын паспортун жана жарандыгын алганын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM