Биз менен байланышыңыз

Айпери Кубик кызы: жол коопсуздук кызматкеринен карыз алып…

Кезектеги “Желе шоу” программабыздын коногу эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы кызыктуу маек курду. Кээде шашканда көп нерсеге көңүл бурбай каларын баса белгилеп,  башынан өткөн окуя менен бөлүштү.

Бир жолу Бишкекте анан Токмокто дагы тоюм бар болчу. Бишкектен чыгып Токмоктогу  тойго кечигип калбайын деп шашып чыктым. Кечигип жатканымдан, аябай катуу айдап бараткам. Бир маалда алдымдан жол коопсуздук кызматкери тосуп калды. Түшүп алып, аябай кечирим сурап кете берейинчи деп сурансам «макул акырын айда жакшы жетип ал» деп коё берди. Отурсам эле унаамдын майы жок калып, кызыл күйүп туруптур. Шашканымдан унаамдын майын дагы карабай калыптырмын. Жанымда майда акча жок, доллар экен. Кайра жол коопсуздук кызматкерине барып, «байке, кызылым күйүп калыптыр, мага акча берип туруңузчу, 200 сом. Сизге кайра келатып берип кетем же болбосо мына ушул долларды азыр алып туруңуз, мен кайра келе жатып ала кетем»,-десем, “жок ала бер” деп 200 сом берген. Анан ошентип акчаны алып май куюп, кайра тойдон чыккандан кийин акча берген кызматкерге ыраазычылыгымды билдирип бирдик салып бергем”,-дейт.

Белгилей кетсек, ырчы айым Айпери Кубик кызы азыркы учурда экинчи наристесин күтүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM