Биз менен байланышыңыз

Каныкей Раймалиева: Техниканы оңдоп коймой жайым бар

КРнын Эмгек сиңирген артисти, айтылуу ак таңдай акын Раймалынын небереси Каныкей Раймалиева “Желе шоу” программасынын төрүнөн орун алып, бир гана комуз чертип кыргыз ырын ырдабастан, ошол үч кыл комузубуз менен испанча, мындан тышкары корей, кытай, итальян тилдеринде да комузга салып ырдайт. Бир гана ырдагандан сырткары да техниканы оңдоп түздөөгө да жакын экенин айтып өттү.

“Атам, иним жана агам техникага жөндөмү бар адамдар, алардан мага дагы өтсө керек, анча-мынча иштерди атайын кызматкерлерди чакырып отурбай эле өзүм бүтүрүп коём” — деди ырчы Каныкей Раймалиева.

Copyright © 2017 Maral FM