Биз менен байланышыңыз

Айзада Жамгырчиева: «Терс пикирлердин айынан ооруканага жатып чыктым»

Көңүл ачуу , Марал шоу | 27 Фев 2019 | 2512 | 0

-Эл адамы болуу ушунчалык кыйын экенин жон терим менен сезип келем. Анткени ырчы болуп чыксам эртең сөзсүз турдө терс пикирлер айтыларын билгем. Мага карата айтылган  пикирлердин арасынан “сен жөн эле койсон болмок» же “өз алдыңча жаңы чыгарма жаратып ырдап чыксаң болмок” деген сөздөр аябагандай көп болду. Эми табитте талаш жок эмеспи. Бул ыр менин жүрөгүмдө бир топ убакка чейин жашады, анан эски ырларга жаңы жашоо берип, акылымды укпастан жүрөгүм менен эсептешип «Жүрөк сыры» деген чыгарманы ырдап чыктым.

-Билесиздерби, адам баласы бактылуулук жөнүндө сөз кылса, демек, ошол инсанга бактылуулук жетишпей турган болот экен. Ал эми  мен “күтүү” жөнүндө ырдадым. Демек, менин жеке жашоомдо күтүү болуп турган учурда ушул чыгарманы тандап алдым. Чындыгында, мен ырчы болуу үчүн алты жыл даярдандым. Ырчы эжекебиз Назира Токоновадан үч ай вокалдан сабак алгам. Көптүн биринен өзгөчөлүгүм — эки кесипти бирдей алып баргандыгымда. Ырчымын дагы, алып баруучумун да.

-Мен терс пикирлерге азыр такыр көңүл бурбайм деп айта албайм. Себеби баарыбыз пендебиз, жүрөк, көңүл деген нерсе болот. Биринчи терс пикирлердин ар бирин окуп олтуруп, жыйынтыгында, нервден ооруп, ооруканага да жатып чыккам. Ошондуктан колдон келишинче жаман нерсени да жакшылыкка жоруп койгонго аракет кылам.

-Журналист болуу үчүн жогорку окуу жайдан билим алдым. Эки өнөргө тең бирдей басым жасайм. Анткени ушул учурга чейин бардык ийгиликке жетиш үчүн болгон күч аракетимди жумшадым. “Баштадыңбы, таштаба” дегендей, эми жеңди түрө киришип жаны чыгармалардын үстүндө иштеп жаңылык жасайм.

-Мен студент учурумда ыр жазчумун, анан ырларымды жөн гана ар жерге таштап койгум келген жок. Ошол ырларымды топтоп ыр жыйнак китеп жазып чыгаргам. Бирок азыр ошол ырларды окусам, чын эле мен жаздымбы деп күлүп калам.

-Таласта атактуу ырчы болчумун (күлүп). Ар бир тойдо ата-энем мени ээрчитип алышчу. Ошол учурда акча кыстаргандар аябагандай көп эле, кыстырмайды эсептесем төрт-беш минге чейин тапчумун.

Copyright © 2017 Maral FM