Биз менен байланышыңыз

Замир Арыкбаев: Ырларды тойго ылайыктап жаздырып калдык

Бул жолку «Желе шоу» программабыздын ардактуу коногу Замир Арыкбаев болду. Учурда чыгармачылыгына көңүл буруп, билмек туруп иштейин деп турам деген ырчы мырза төмөнкүлөрдү айтты.

-Негизинен кыргыз элинде ар дайым той болуп турат. Мурунку жылдарга салыштырмалуу бул жылы бир ыр менен гана атактуу боло албайсың. Азыр бир ыр эмес эки-үч ыр жаздырып, ошол эле убакта эки үч клип тарттырышың керек. Антпесе бат эле унутулуп калчудайсың. Ыр жаздырып эле клип тарттырбасаң угармандар эмнеге жок болуп кеттиңиз деп сурай беришет экен. Клип тарттырып турсаң гана элге көрүнүп турат экенсиң.

-Негизи моюнга алыш керек азыр баардыгыбыз эле тойго ыктап ыр жаздырып калдык, анткени үй-бүлөнү багыш керек.

-Кудай буюрса, алдыга дагы көп пландар коюлган. 2019-жылды көбүнчө чыгармачылыкка ыктап, жакшы ырларды клиптерди тарттыралы деп билекти түрүп турабыз. Эл ишенип колдоп аткандан кийин сөзсүз иштеш керек,» — дейт Замир Арыкбаев

Copyright © 2017 Maral FM