Биз менен байланышыңыз

Гүлсүн Боcтонкулова: Жашоодо өтө ишенчээкмин

«Желе шоу» программабыздын бул жолку коногу ырчы Гүлсүн Бостонкулова болду. Ал жашоосунда өтө ишенчээктигин айтып, кызыктуу маек куруп берди.

-Негизи билбейм, башкалар кандай, бирок мен аябай ишенчээкмин. Ошол ишенчээктигимен көп эле алдандым. Бул сапатым мага атамдан өткөн. Атам композитор, акын жазуучу Мамат Ибраим Бостонкулов, ал да аябай ишенчээк болуп ошондон улам ушул убакытка чейин эмгек сиңирген артисти наамын дагы ала элек. Досторум болобу, жашоодо болобу, кандай нерселер болбосун, ишенчээктин айынан көп запкы жейм. Бул сапат шоу-бизнесте кереги жок экен. Баарын эле өзүңдөй көрүп, кантип алдап кетсин деп атып, бир күнү эле чындыгында алданып каласың. Негизи эле адамдардын бири-бирине болгон ишенич күч болуш керек. Сүйүүдө да, жашоодо да өз орду менен болгону жакшы»-дейт ырчы айым Гүлсүн Бостонкулова.

Copyright © 2017 Maral FM