Биз менен байланышыңыз

Кумар: Кенже Дүйшеева бизди бут тосуулардан, жаман сөздөн коргоду

Кезектеги куттуу студиябыздын коногу Жебе тобунун солисти ырчы Кумар мырза болду. Ал азыркы учурда жеке ырчы болуп, жаңы ырларды жаздырып чыгармачылыкта катуу иштеп жатканын баса белгилдеди. Көптөгөн кыздардын жүрөк оорусу болгон бул ырчы мырза кызыктуу маек куруп берип, төмөнкүлөрдү кошумчалады.

Жебе тобунда билинбей эле жети жыл ырдап коюптурбуз. Бул топко мен он жети жашымда келгем. Негизи топ менен иштеш оңой экен, азыр жалгыз баарын өзүң кыласың. Продюсериң да жок. Бирок мен продюсер жок деп эч качан өкүнбөйм. Анткени мени колдоп коштогон ага-эжелерим бар. Жакында өзүңүздөр күбө болгондой, алгачкы ырым чыкты. Бул ырды бир жылда угармандарыма тартуулай алдым. Алгач жаздырганда эң биринчи топтогу Медер байкеме жана устатым, экинчи апам, биздин атыбызды чыгарган Кенже эжеге  угуздум.

Ал киши — кыйын комплимент айтканды, эмгекти баалай билген адам. Угуп туруп эң алгач аябай мактады. Андан кийин отургузуп алып өз оюн айтты. Ар кандай бут тосуулардан,  жаман сөздөн коргоду. Эл алдына алып чыгып бизди таанытты. Азыр дагы ар дайым жардам берет.”-дейт ырчы.

Copyright © 2017 Maral FM