Биз менен байланышыңыз

Марс: «Ырларым менен элге дем бергим келет»

«Кайгырба», «Аида» жана башка шаңдуу ырлардын аткаруучусу, эстрада ырчысы Марс биздин «Желе шоу» программабыздын кезектеги мейманы болду. Анын эң башкы максаты элге маанай тартуулоо экенин баса белгилеп, кызыктуу маек куруп берди.

-Ырларымдын сөзү обону дээрлик өзүмө таандык, ал эми бизге ар дайым «эмне үчүн башкача стилде чыктыңар?»-деп суроо беришет. Өзүңүздөр билгендей, клиптерибизде жалаң ачык өңдөр талап кылынат. Дал ушул клиптеримдин да идеясы маага тандык. Анткени биринчиден өзгөчөлүк, экинчиден, ошол клипти көрүп жаткандардын маанайы көтөрүлүп турушун каалайм. Ал эми ырларымдын сөздөрү менен элге күлкү шаң жана мотивация бергим келет. Мени көбүнчө корей ырчысы PSYды туурайысың деп айтышат. Бирок мен бул нерсеге кошулбайм. Анткени анын стили башкача, менин стилим башка.

-2018-жыл жакшы жылдардан болду. Жакшы клиптерди тарттырдык, жакшы пикирлерди уктук. Мындан ары да иштеп элге жакшы маанай тартууланга аракет кылабыз«-дейт таланттуу ырчы мырза.

1 пикир

1 пикир

  1. арстан байке

    01.01.2019 14:45

    марс азамат.марал чындыкка акыйкаттыкка да бирге.жаны жылыныздар менен

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM