Биз менен байланышыңыз

Рим Папасы Ирак менен Сирияга көңүл бурууга чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Ноя 2018 | 788 | 0

Рим Папасы Франциск Жакынкы Чыгышта жашаган түрдүү конфессиядагы христиан калкынын абалына көңүл бурууга чакырды. Өзгөчө, жарандык согуштан жабыркап, мекенин таштап кетүүгө аргасыз болгон Ирак менен Сириядагы христиандардын абалына кабатыр болгонун билдирди. Бул тууралуу ал Ватикандагы католик агымынын башчысы Мар Гиваргис менен болгон жолугушууда сүйлөгөн сөзүндө айтты.

«Бул аймактагы христиан бир туугандарыбыз ар кайсы урууга таандык болгондоруна карабастан, кыйын кырдаалда биримдикте иш жасап, бизге үлгү болушууда. Алар үчүн Кудайдан азаптан кутулууларын, тынчтыкка жетүүлөрүн суранып, дуа кылалы«, — деди папа Франциск.

Кошумчалай кетсек, Жакынкы Чыгышта жашаган арап элдери басымдуу бөлүгү мусулман катары таанылганы менен, жалпысынан алганда 15 миллионго чукул араптар христиан динин тутунушат. Алардын басымдуу бөлүгү Египет, Ливан жана Сирияда жашары маалым.

Copyright © 2017 Maral FM