Биз менен байланышыңыз

Ирандагы жер титирөөдөн 550 киши жабыркады

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Ноя 2018 | 655 | 0

Иран менен Ирактын чек арасында катталган жер титирөөдөн кеминде 550 ирандык, 50 ирактык жабыркап, 1 киши набыт болду. Бул тууралуу жергиликтүү Press TV жана Rudaw каналдары кабарлады.

Жер титирөөнүн эпицентрине эң жакын Керманшах районунда жабыркагандар көп болду. Ошондой эле Ирактын Багдад жана түндүгүндөгү Курдистан аймагынан жабыркагандар катталды. Мындан сырткары Азербайжандын да чек арага жакын аймактарында титрөө катуу сезилди.

Европа Жер ортолук денизиндеги сейсмологиялык борбордун билдирүүсүндө жер титрөөнүн кубаты 6.3 баллга, ал эми тереңдиги 10 кмге чейин жетти. Эпицентр Багдаддан 150 км, Сере-Зохабдан 37 км узактыкта болду.

 

Copyright © 2017 Maral FM