Биз менен байланышыңыз

Ирактагы нааразычылыктан 260 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Ноя 2019 | 704 | 0

Ирактагы калайман нааразылык акциялары токтобой келет. Октябрдын башынан бери акциялардын айынан 260 адам каза болуп, 12 миңдейи ар кандай жаракат алган.

Маалыматка ылайык, демонстранттар бийликтин алмашуусун талап кылып, мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип жатышат. Андан сырткары өлкө жашоосуна Ирандын кийлигишүүсүнө каршылыгын кылышууда.

Ирактын премьер-минстри Адел Абдель Махди ылайыктуу талапкер табылса гана отставкага кетерин билдирди.

Каршылык акциялары башталгандан бери 2500 ирактык туткундалган, анын 500ү дагы деле көзөмөлдөн чыга элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM