Биз менен байланышыңыз

Ирак: Демонстранттар талап кылган премьер-министр отставкага кетти

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Дек 2019 | 507 | 0

Иракта демонстранттар бир жуманын ичинде экинчи ирет Наджаф шаарындагы Иран консулдугуна өрт коюшту. Бул тууралуу Shafaq агенттиги жазды.

Буга чейин 27-ноябрь, шаршемби күнү Коррупцияга жана бийликке каршы чыккан демонстранттар Иран консулдугун басып алышып, аны өрттөп жиберишкен. Митинг учурунда катышуучулар менен күч кызматкерлери кагылышып, консулдукту өрттөгөн соң, 36 демонстрант өлтүрүлүп, 245и жарадар болгон. Борбор шаарда дагы 4 жаран атылган октон жантаслим болуп, 22си түрдүү жаракаттарды алышкан.

Ирактагы нааразычылык акциялары 1-октябрда башталып, андан бери 400дөн ашык адам өмүрлөрү менен кош айтышса, 50 миңдейи ар кандай түрдөгү жаракаттарды алышкан.

Бул Ирактагы 2003-жыл Саддам Хусейндин режими кулатылгандан кийинки эң масшабдуу нааразычылык акциясы деп айтылууда.

Демонстранттар алгач мунайга бай өлкөдөгү коррупцияга, жумушсуздукка, социалдык шарттарга нааразылыгын билдирип чыгышкан. Ошондой эле, өкмөт башчы жетектеген бийлик өкүлдөрүн жалпы отставкага кетирип, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү талабы менен чыгышкан.

Октябрдан бери уланып, көптөгөн адамдардын өмүрүн алган нааразычылыктарынан улам, премьер-министр Адел Абдел Махди 29-ноябрда кызматтан кетери тууралуу жарыялаган. 1-декабрда Ирак парламенти өкмөт башчысынын кызматтан кетүү тууралуу арызын кабыл алды. Жаңы өкмөт башчыны дайындоо тууралуу президент Бархам Салехке кайрылуу жөнөтүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM